Дима Билан Кайрат Примбердиевди «Голос» көрсөтүүсүнөн чыгып кетүүдөн сактап калды

Кайрат Примбердиев «Голос» («Добуш») көрсөтүүсүндөгү музыкалык эрөөлдө утулуп калды, бирок анын чыгып кетишинен калыстар тобунун мүчөсү, ырчы Дима Билан сактап калды.

«Голос» көрсөтүүсүнүн кезектеги айлампасында Примбердиев музыкант Владислав Венгли менен беттешти.

«Эрөөл» аттуу айлампада эки атаандаш музыкант бир ырды ырдайт. Примбердиев менен Венгли Майкл Жексондун «Black And White» хитин тандап алышты.

Кайрат Примбердиевдин насаатчысы Леонид Агутин Владислав Венгли жакшыраак жыйынтык көрсөттү деп тыянак чыгарды, бирок көрсөтүүдөн чыгып кетүүдөн Кайратты башка калыстын — Дмитрий Биландын добушу сактап калды.

Эми Кайратты «Нокаут» айлампасы күтүп турат. Финалга жетип, «Голос» көрсөтүүсүнүн 2016-жылдагы мыкты артисти болуш үчүн Кайрат «Нокаутта», чейрек финалда жана жарым финалда жеңип чыгышы керек.

Бул 2012-жылдан бери «Биринчи каналда» чыгып келаткан «Голос» вокалдык долбоорунун алтынчы сезону. Бул көрсөтүү голландиялык «The Voice of Holland» долбоорунун ылайыкташкан түрү болуп саналат. 2015-жылы «Голос» Орусиядагы эң мыкты көрсөтүү болуп табылган.

Долбоорго адис музыканттар катышып, каалаган музыкалык жанрда өнөр көрсөтө алаарын калыстарга далилдешет.


Тема боюнча: