Өмүркулов: КСДПнын депутаты Баяхунов 16 миллион сомду ээлеп алган эмес

КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов бул фракциянын депутаты Нурмахаммат Баяхунов 16 миллион сомду ээлеп алууга жана Ново-Покровка айылындагы жер менен байланышкан көз боемочулукка эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Өмүркулов КСДП фракциясынын депутаты Нурмахаммат Баяхунов 16 миллион сомдук көз боемочулукка аралашпаганын 11-ноябрда билдирди.

«Мен ал иш тууралуу билем. Кабарым бар. Ага каршы иш козголгон эмес. Иш факты боюнча козголгон. Бул маселе талапкерлердин тизмесин түзүү убагында абдан кызуу талкууланган. Анын күнөөсү жок. Алдамчылар акча чогултуп, ошол айыл өкмөтүндө участок бөлүп берүүгө убада беришкен. Бул иштин ага тиешеси жок. Алардын [алдамчылардын] бири камакта отурат, экөө издөөдө», — деди Өмүркулов.

Баяхунов 2016-жылдын 31-октябрында КСДПнын тизмеси боюнча парламент депутаты болуп шайланган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат 2015-жылдын декабрында «алдамчылык» жана «жасалма документ даярдоо» деген беренелер менен кылмыш ишин козгогон. Кылмышка тиешеси бар негизги адам катары Ново-Покровканын башчысы Баяхунов саналган.

Баяхунов социалдык турак-жай куруу максатында жер участокторун бериш үчүн «Нур Күч» майыптар бирикмесинин мүчөлөрүнөн 16 миллион сом алганы тууралуу Kloop.kg иликтөө жүргүзгөн соң негизги киши катары тергөөгө тартылган. Бирикменин мүчөлөрү аны ошол каражатты ээлеп алган деп айыпташкан.

Бирикменин мүчөлөрүнүн айтымында, алар Баяхуновго 81,5 гектар жерге айырбаштап айыл чарба жериндеги жоготуу үчүн компенсация иретинде накталай акча беришкен. Бирикменин мүчөлөрү Баяхунов аларга Ново-Покровка администрациясынын дүмүрчөгүн жазып берип, өз колун коюп мөөрүн басып бергенин айтышкан. «Нур Күч» майыптар коому жерди ошол бойдон алган эмес.

Ал кезде Ново-Покровканын башчысы акча алганын танып, документтерди жасалма деп чыккан.

«Мен элден акча алган жокмун, жер да бүтүн бойдон эле турат. […] Бул макулдашуу жасалма, мен ага кол коюп, мөөр баскан эмесмин», — деген болчу Баяхунов Kloop.kg менен болгон маегинде.

Сот экспертизасынын мамлекеттик борбору өткөргөн экспертизанын тыянагына ылайык, дүмүрчөккө коюлган кол Баяхуновдуку болушу мүмкүн.

«Изилденген кол белгилерди андан ары салыштыра келгенде […] жалпы белгилери: иштетилиш даражасы, аткаруу ыргагы, өлчөмү, күүсү, жантыгы дал келгени аныкталган […]», — деп жазган өз тыянагында экспертиза борборунун кызматкери.

Бирок экспертиза макулдашуулардын жана дүмүрчөктөрдүн көчүрмөлөрү боюнча гана жасалгандыктан адистер бир өңчөй жооп бере алышкан эмес. Алардын түп нускаларын «Нур Күчтүн» кеңсесиндеги тинтүү маалында милиция алып койгон.

«Нур Күчтүн» мүчөлөрүнүн айтымында, келишим түзүлгөндөн кийин уюмдун төрагасы Нурлан Үсөновду жергиликтүү милиция куугунтуктай баштаган, ага каршы кылмыш ишин козгоп, камап коюшкан.

Ага бирикменин жабыр тарткан мүчөлөрүнөн түштү деген арыздар расмий негиз болгон.

«Нур Күчтүн» юристи Лейла Назгүл Сейитбек Kloop.kgге айтканына караганда, ал арыздардын дээрлик баары жалган болуп чыккан — арыз жазган кишилердин көпчүлүгү бирикмеде жок, калгандарына милиция басым көрсөткөн.