Сейрек кездешкен ителгилерди алып кетүүгө аракет кылгандар 12 жылга камалат

Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) жарандары 2016-жылдын октябрында Кыргызстандан төрт ителгини шымдарынын чөнтөктөрүнө салып алып кетип жаткан жеринен кармалган. УКМК кылмыштын калган катышуучуларын издөөдө. Кызыл китепке кирген канаттууларды мыйзамсыз алып чыгып кеткендер мүлкү конфискацияланып, 7ден 12 жылга чейин абак жазасына кесилет.

Кармалган контрабандисттер СИЗО-1ге киргизилген. Кыргызстандын сыртына төрт ителгини алып чыгууга аракет кылганы үчүн Кылмыш кодексинин 204-беренеси боюнча мүлкү конфискацияланып, 7ден 12 жылга чейин эркинен ажыратылат. УКМК ителгилерди мыйзамсыз алып чыгууга тиешеси бар окуянын башка катышуучуларын издөөдө.

БАЭнин эки жараны «Манас» аэропортунда Бишкек-Дубай каттамына түшүп бараткан жеринен 14-октябрда кармалган. Чек ара кызматкерлеринин айтымында, паспорттук көзөмөл учурунда эле алардын жүрүш-турушу башкача болгон.

Чек арачылар алардын документтерин текшерсе, баары жайында болуп чыгып, бирок алар чет элдиктердин иш-аракетин байкап турууну чечишкен.

Учактын бортуна көтөрүлгөндө алардын кыймыл-аракети борт коштоочу айымдын көңүлүн бурган.

«Алар шашылыш түрдө чөнтөгүнөн бир нерсе алып чыгып баштыгына сала башташкан. Борт коштоочу айым чек ара кезметин чакырган», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул жүргүнчүлөрдү текшере келгенде алардын жанынан башына калпакча кийгизилген, буттары менен канаттары байланган төрт ителги табылган. Чет элдиктер ителгилерди шымдын ичиндеги дамбалында, «тизеден ылдый атайын тигилген кошумча чөнтөктөрүндө» алып өтүшкөн.

Эколог Эмил Шүкүровдун айтымында, ителгилер Кыргызстандан негизинен араб өлкөлөрүнө алынып кетет. Анткени бул канаттуулар БАЭнин символу катары эсептелип, алардын сүрөттөрү банкнотторунда жана гербинде түшүрүлгөн

«Эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо сыяктуу катаал жаза башка браконьерлер үчүн жакшы предецент болуп калышы мүмкүн. Кызыл китепке кирген канаттууларды мыйзамсыз сатуу — бул акыркы убактарда ансыз деле саны азайган канаттуунун түрүн иш жүзүндө жок кылуу дегенди билдирет», — деди ал.

ТЕМА БОЮНЧА:


БАЭ жарандары Кыргызстандан ителгилерди алып кетүүгө аракет кылышты