Майып коляскачан брэйк бийчилери: Кыргыздын «Тумары» кантип сахналарды багындырууда?

«Тумар» коляскачан бийчилер тобунун түзүлгөнүнө жети жыл болду, ошондон бери ал ар кандай бий көрсөтүүлөрүнө катышып келатат. «Тумарчылардын» акыркы жетишкендиги Словакиядагы өнөр сынагында финалга өткөнү болду. Бий жамаатынын катышуучулары Kloop.kgге өз тобу жөнүндө айтып беришти.

Октябрдын ортосунда коляскачан бийчилер тобу «Česko Slovensko má talent» («Чехияда өнөрлүүлөр бар») сынагында «Golden Buzzer» сыйлыгын утуп алган. Бул бийчилерге өнөр сынагынын финалына өтүүгө мүмкүнчүлүк берген. Кыргызстанга кайрылып келген соң топтун мүчөлөрү финалда оюн көрсөтүүгө даярдана башташты.

Топтогу беш бийчинин үчөөнүн буту элдикинен башкача. Алар дене мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды калыбына келтирүүчү «Үмүт» борборунун бүтүрүүчүлөрү болуп эсептелет. Балдар борборду бүтүрүп кетишкенине карабай анын имаратында машыгып жүрүшөт.

Кабарчыларды топтун катышуучулары ачык жашыл түскө боёлгон кичинекей спорт залда жерде отуруп тосуп алышты. Алар сынактын финалына чыгыш үчүн жаңы бий аракеттерин талкуулап жатышкан экен. Бизди көрүп бийчилер эски майып коляскаларына отурушту. Залда деги эле отургучтарга караганда коляска көп эле.

Топтун жетекчиси Эрмек Кадыров өз шакирттерин көпкө карап туруп, көрүүчүлөргө оюн жакса деле калыстар «сыйлыкты өз жердештерине беришээрин» арман кылып айтты.

«Биз бул сынакта утуш кыйын болоорун түшүнүп деле калдык. Жергиликтүү эл бизди баалайт, бирок сыйлыкты өз жердештерине эле беришет го — биз тыштан келген кишибиз да. Бирок биз унутулгус оюн койгонго аракет кылабыз», — деди ал.

Балдар эч нерсеге карабай кыймылдарды иштей беришти. Алар колго таянып дайыма эле саналуу секунддан ашык тура алышкан жок, бирок жыгылган сайын кайра туруп, колдун гана күчүнө таянып секирип атышты.

Колдору денесинин салмагына чыдабай ийилип кеткен сайын «Жок, жок, баары жайында» деп атышты. Жыгылып, кайра туруп атышты.

Сынактын тандоосунан өтүш кыйын

Кадыровдун айтымында, ал топту кайсы бир сынакка алып барган сайын алар сынакка катышууга уруксат берүүдөн баш тарткан чечимге даяр турушат.

Ал бул топ дени соо катышуучулардын категориясына да, коляскачан бийчилердин категориясына да кирбегендиктен калыстар чечим чыгарышы татаал болгону үчүн сынактардагы тандоо айлампасынан өтүү кыйын экенин айтат.

«Былтыр коляскачандардын паралимпиадалык сынагына не болсо да бардык, […] биздин балдар иш жүзүндө коляскасы жок эле кыймылдай алгандыктан калыстарга чечим чыгарыш кыйын болду», — деди ал.

Машыктыруучу жана бийчи Тимур Кылычбеков балдардын ыгы коляскачан бийчилердикинен жакшы экенин айтты.

«Биз аларды башка дени сак адис бийчилер менен атаандашууга даярдап көнүп калдык. […] Биздикилер коляска менен деле бийлешпейт да, ал үчүн атайын коляскалар керек, биздин өлкөдө андайлар жок. Аларды Москвадан таптырса болот, бирок алар кымбат жана негизинен атайын тапшырык менен жасалат, андыктан биздин балдар негизинен колго таянып эле бийлешет», — дейт Кылычбеков.

Мамлекеттен колдоо жок

Кадыров алтын жалатылган кубоктор турган айнек текчени көрсөтүп, Кыргызстанда алар такай алдыңкы орундарды утуп жүрүшкөнүн, бирок «аны эч ким байкабаганын» кошумчалады.

«Биз Украинага барып байге утуп келгенден кийин гана биз жөнүндө биле башташты, Түркияга бардык эле — Атамбаев бизге автоунаа белек кылды. Биздин өлкө ушундай, чет мамлекетте сен жөнүндө сөз кылышмайынча сени эч ким билгиси деле келбейт», — дейт ал.

Топ жетекчисинин айтымында, алар эч качан жардам күткөн эмес жана жөн гана максатына жетүүгө аракет кылышкан.

«Биз эл аралык сынактарга катышуу жагынан эч качан мамлекеттен колдоо көргөн эмеспиз. Ал тургай биздин Маданият министрлиги Кыргызстанды чет өлкөдө тааныта турган артисттерди тандап жатканда биз өтүнмө берсек баш тартып койгон», — дейт ал.

Ийнин куушуруп коюп Кадыров топтогулар баштан өткөргөн кыйынчылыктардан кийин алар болор-болбоско чөкпөй, өзүнүн «чакан, бирок ишенимдүү» атагынан акча тапканы жатышканын кошумчалады.

«Биз мындан ары акча сурагыбыз келбейт, биз аны иштеп тапканга аракет кылып жатабыз. Жакшы бийчилердин баары эле бийлеп бергени үчүн акча алышат да», — дейт ал.

Бий — жаңы мүмкүнчүлүк

Топтун эң жаш катышуучусу 19 жаштагы Айдина Самыйбек кызы секелек чагынан эле бийлегенди жакшы көрөөрүн, бирок 12 жашка чейин качандыр бир кезде бийчи болуп калам деп үч уктаса түшүнө кирбегенин айтып берди.

«Мен өзгөчө балдар үчүн мектепте окугам, анткени бутум элдикинен башкача — буттарым бар, бирок кичинекей. Мен мурда кимдир-бирөө менен сүйлөшө да алчу эмесмин», — деди ал.

Анын айтымында, калыбына келтирүү борборундагы көп балдар өздөрү деле ийгиликке жетсе болооруна ишене башташты.

Бийчи Таалайбек Эрдик уулу ар кандай бий сынактарына катышуунун шарапаты менен көп мамлекеттерге барып келгенин айтып берди.

«Бий мага эркиндик берди, мурда көчөгө да чыгышым кыйын болчу да. Мен бийлей баштаганда кыйын болду, бирок тынбай машыгуу жана устаттардын жардамы менен биз эл аралык сынактарга катышып, ар кайсы өлкөнү көрө турган деңгээлге чыктык. Мага саякаттаган жагат», — деди ал.

Топтун үчүнчү бийчиси Талгат Карабек уулу мурда көчөгө чыккандан да уялганын, бий менен машыга баштагандан тартып өзүн кыйла эркин сезип калганын айтты.

«Менин бийлегенимди туугандарым менен досторум колдогону жагат. Биз чыкканда биздин койгон оюн элге жагат. Алар бизди мактап, бизге жеңиш каалашат. Кыйын болоору болот, бирок бизди баалашат деп үмүт кылам», — деди ал.

«Тумар» бий тобу 2009-жылы түзүлгөн. Бир жыл мурун «Тумардын» бийчилери Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу коляскачан спорт бийлеринин WEB Kazakhstan Open-2015 турнирине катышты. Турнир апрелдин 16сынан 19уна чейин Астанада өттү.

Турнирде балдар биргелешкен оюн категориясында Freestyle номинациясында биринчи орун утуп алышты. Өзүнчө сыйлык алгандардын ичинен Карабек уулу Талгат — эркектер арасында Single freestyle номинациясында биринчи орунга, кыз-келиндер арасындагы ошондой эле номинацияда Айдина Самыйбек кызы экинчи орунга ээ болду.

Мындан тышкары, топту Лас-Вегастагы «America’s Got Talent» («Америкада өнөрлүүлөр бар») аттуу америкалык көрсөтүүгө катышууга чакырышты. Бирок каражаттын жетишсиздигинен топтогулар ал сынакка катыша албай калышты.

Видео: Эдил Байызбеков, Тилек Бейшеналы уулу, Александра Ли.