Kloob Live: Аяна Касымова өзүнүн «Чагылган» аттуу жаңы клиби жөнүндө айтып берди

Орусиядагы «Артист» теледолбоорунун катышуучусу Аяна Касымова өзүнүн жаңы клиби жөнүндө айтып берип, түз эфирде көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп узатты.

Аяна Касымованын жаңы клиби 13-ноябрда жарыкка чыкты.

Аяна Касымова Жолдошбек Мамажановдун «Сүрөтүңө» деген ырын аткарып чыгып, ал эми 2014-жылы Орусиянын «Артист» теледолбооруна катышкан соң белгилүү болгон.

Бир жыл мурун ырчы Айым Айылчиева экөө Жолдубай Кайыповдун «Атам менен энеме» аттуу ырын дует менен ырдап чыгышкан.

Ырчы кыз музыкалуу үй-бүлөдө чоңойгон, анын атасы Айзар Касымов — «Аура» жаз тобунун солисти, энеси болсо «Камбаркан» фольклордук ансамблинде иштейт.

2014-жылы Аянага «Артист» ырчылык сынагында катышууга сунуш түшкөн.

Касымова финалга жете алган эмес, ага көрүүчүлөр берген добуштун үч пайызы жетпей калган. Ал көрүүчүлөрдөн 82 добуш алган, бирок финалга анын Москвадагы атаандашы, өзү менен музыкалык эрөөлдө ырдашкан Ромади чыккан.

«Артист» көрсөтүүсү — Израилдеги Rising Star музыкалык телекөрсөтүүсүнүн аналогу, 2013-жылдан бери белгилүү.

Сүрөт: Sandyk.kg/Екатерина Гниденко