Бишкекте өрт: «Ала-Тоо» аквапаркы күйүп кетти

Бишкектин түштүгүндөгү «Ала-Тоо» аквапаркында өрт чыкты. Өрт кызматынын маалыматы боюнча, жабыр тарткандар жок. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Өрт кызматынын нөөмөт бөлүмүнөн кабарлашкандай, Бишкектин түштүгүндөгү «Ала-Тоо» аквапаркынын темир чатыры күйүп кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, курман болгондор жана жабыр тарткандар жок. Имараттын ичиндеги адамдар эвакуацияланган.

Чатырдын 800 чарчы метри күйүп кеткен. Өрттү беш атайын топ өчүргөн. Тилсиз жоо боюнча билдирүү өрт кызматына 20:17де келип түшкөн. Өрт 23:49да өчүрүлгөн.

Зыяндын суммасы жана өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.