Бишкекте жана Чүй облусунда электрдин өчүрүлүшү улантылат. «Түндүкэлектр» кардын салмагынан улам салаңдап калган зымдарды алмаштырууда.
«Түндүкэлектрдин» өкүлү Гуля Мураталиева электр алдын алуу иштеринин айынан өчүрүлүп жатканын айтты. «Түндүкэлектрдин» инженерлери кардын оордугунан улам салаңдап калган зымдарды алмаштырып, зымдарга тийген бактардын бутактарын кыркышууда.
Мураталиеванын айтымында, электр кубатын авариялык тартипте сөзсүз өчүрүш керек, антпесе көптөгөн авариялар болушу мүмкүн.
«Оор, суулуу, жабышкак кар зымдарга жабышып калып, аларды салаңдатып, ошонун айынан электр өчүп калган учурлар болуп атат. Зымдар салаңдап турган райондордо аларды тартып чыгуу зарылдыгы келип чыгат, аларды болсо чыңалуу астында тартып чыгыш мүмкүн эмес, ошондуктан кыска убакытка өчүрүшкө туура келет», — деди ал.
Анын айтымында, алдын алуу иштери көп кабаттуу үйлөрдүн ичиндеги түйүндөрдө болушу да мүмкүн.
29-ноябрга карата жарыкты өчүрүүнүн графиги:
Бишкек
Электр түйүндөрүнүн райондору | Участогу | Убактысы | Себеби | |
башы | аягы | |||
Чыгыш | Келечек к/к (түндүк бөлүгү) | 09:00 | 17:00 | «Төмөнкү Ала-Арча» көмөк чордонунун жабдуусун оңдоо |
Алтын-Ордо к/к (6-8 көчөлөр) | 09:00 | 12:00 | ТП №2848 алмаштыруу | |
Алтын-Ордо к/к (5-8 көчөлөр) | 13:00 | 17:00 | ТП № 2736 жабдуусун оңдоо | |
Орто-Сай айылы (Рысмендеев, Иманалиев, Подгорная көч.) | 09:00 | 17:00 | ЛЭП 0,4 кВ ТП № 1040дан тазалоо | |
Эне-Сай к/к (1 көчө) | 09:00 | 12:00 | ТП РП «Эне-Сай» жабдуусун оңдоо | |
Хмельницкий, Тульский, Боталиев, Фере көч. | 09:00 | 18:00 | ЛЭП 0,4 кВ монтаждоо СИП колдонуу менен ТП №№ 965, 519 | |
Аламүдүн-1 кичирайону №№ 72-79, | 09:00 | 12:00 | ТП № 948 жабдуусун оңдоо | |
11-крн. №№ 15, 16, 17, 17 А | 12:00 | 17:00 | ТП №711 алмаштыруу | |
Батыш | Манас пр. № 41 | 09:00 | 17:00 | үй ичиндеги түйүндөрдү оңдоо |
Төмөнкү Орок к/к (Арчалуу, Күнчоро көч.) | 09:00 | 16:00 | ТП № 1230 жабдуусун оңдоо |
Чүй облусу
Электр түйүндөрүнүн райондору | Калктуу пункт | Убактысы | Себеби | |
башы | аягы | |||
Аламүдүн | Лесхоз айылы, МТФ, Тендик к/к; Берлик (Токтогул, Жаңы көч.), Васильевка (Комсомол, Фрунзе көч.) | 09:00 | 17:00 | «Төмөнкү Ала-Арча» көмөкчордонунун жабдуусун оңдоо; ЛЭП 10 кВ трассасын «Берлик» көмөкчордонунан тартып тазалоо |
Лебединовка айылы (Чүй, Ош, Нарын, Түндүк, Бөкөнбаев көч., к/к 28 ГА) | «Лебединовка» көмөк чордонунан тартып ЛЭП 10 кВ трассасын тазалоо | |||
Таш-Дөбө айылы (Октябрь, Кыргыз, Мектеп көч.), Байтик | «Кыргызстандын 25 жылдыгы» көмөкчордонунун жабдуусун оңдоо | |||
Садовое айылы (Учхоз, 8 Март көч.), Дачное айылы (Щорс, Шевченко, Жеңиштин 40-жылдыгы көч.), Биримдик-Кут к/к, Ак-Өрүк | «Башкы» көмөкчордонунан тартып ЛЭП 10 кВ трассасын тазалоо | |||
Кара-Жыгач айылы (Чоң-Багыш, Карагул Акмат, Эгимов, Үмөтов көч.) | «Кара-Жыгач» көмөкчордонунан 10 кВ зымдарды кайра тартуу | |||
Сокулук | Шопоков ш. (Дружба, Футбол, Тынчтык көч.),
Гавриловка айылы (Забайкальская, Түштүк, Чыгыш, Фрунзе көч.) |
09:00 | 17:00 | №492 жабдуусун оңдоо |
Сокулук айылы (Киров, Ленинград, Мектеп, Ош, Москва, Жеңиш көч.), Романовка айылы (Көлдүү, Пионер көч.) | «Ботбаев» көмөкчордонунан тартып ЛЭП 10 кВ оңдоо иштери | |||
Москва | Садовое айылы (Прогресс, Пролетар, Колхоз, Пионер, Крупская, Шевченко, Кавказ, Жаштар, Октябрь, Комсомол көч.) | 09:00 | 17:00 | «Беловодское-2» көмөкчордонунан тартып ЛЭП 10 кВ тазалоо |
Жайыл | Кара-Балта ш. (Кыргызстандын 40 жылдыгы кварталы № 45, 47) | 09:00 | 17:00 | ТП № 65 жабдуусун оңдоо |
Жайыл, Эриктүү, Ийри-Суу айылдары | 09:00 | 17:00 | «Тазалоочу курулуштар» көмөкчордонунун жабдуусун оңдоо |