Өкмөт убадасын аткарган жок: чет өлкөлүктөр дагы эле беш күн ичинде катталып жатышат

Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү ноябрдын аягында өкмөт 90 өлкөнүн жарандары үчүн 5 күн ичинде катталуу мөөнөтүн жокко чыгаруучу токтом чыгарат деп убада беришкен. Бирок андай болгон жок, эч ким күнөөлүүлөрдү жазалай элек.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында, бардык зарыл документтерди өкмөттүн кароосунда, эми «иш өкмөттүн акыркы чечиминде калды».

«Биз колубуздан келгендин баарын кылдык. Жарандардын чыныгы кызыкчылыгын көздөп, өз ишибизди ыкчам аткарып, бардык документтерди даярдап, өкмөткө жибердик. Азыр биз бул мыйзамга кураторлук кылбайбыз», — деди ал.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги да тиешелүү өлкөлөрдүн тизмеси дагы эле өкмөттүн кароосунда экенин ырастады.

Өкмөттүн басма сөз кызматы абалга кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартты.

Бул токтом «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзам өзгөртүлгөндөн бери чет өлкөлүктөр туш болгон маселелерди чечиши керек болчу — алар 4-ноябрда күчүнө кирген.

Чет өлкөлүк жарандар каттоо учурунда кыйынчылыктарга кабылышкан, анткени Мамкаттоо келгендер менен иштөөгө даяр эмес болуп чыккан ― тейлөө борборлорунда котормочулар же каттоо тууралуу чет тилдерде маалымат болгон эмес.

Чет өлкөлүктөргө аба майданында жана чек арадан өтүп баратканда катталуу зарыл экени тууралуу да эскертилген эмес.

Кыргызстанга көп келип жүргөн, орус тилин билген германиялык саякатчы Христоф Шелике эксперимент жүргүзгөн ― ал калкты тейлөө борборунда англисче же немисче маалымат алууга аракет кылган, бирок кызматкерлердин эч кимиси ага жардам бере алган эмес.

Жаңы эрежелер боюнча, чет өлкөлүктөрдүн жанында паспорту жана кабыл алган тараптын — мейманкананын же үй ээсинин арызы болушу керек. 

Ал каттоо кызматынын өкүлдөрүнө өлкөгө келишинин максаты — саякат экенин жана убактысынын көбүн тоолордо өткөрүүгө ниеттенип жатканын бир нече жолу түшүндүргөн. Шеликенин айтымында, паспорт столунун кызматкерлери каттала турган бир дарек керек экенин айтып туруп алышкан.

«Аларга [Мамкаттоонун кызматкерлерине] менин кайсы даректе катталаарым баары бир болчу. Алар, тилекке каршы, ал даректи текшере албай коюшту. Оюма келген даректи айтып салсам деле боло бермек, ал жактан мени табышабы-жокпу… Балким кийинки жолу мен аларга “Баланча тоодогу боз үй” деп айтаармын», — деди саякатчы.