Урнанын ордуна коробка. АШК Бишкектеги участоктордун бириндеги добуш берүүнү жокко чыгарышы мүмкүн

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы № 1044 участогунан добуштарды кабыл албай коюшу мүмкүн, ал жерде электрондук урна сынып калганда шайлоочулардын бюллетендери картон коробкага салынган. Урна иштегенде комиссия мүчөлөрү бюллетендерди коробкадан урнага салып киришкен.

«Таза Шайлоо» коомдук уюму добуш бергендердин бюллетендери картон коробкага салынган шайлоо участогундагы маалыматтарды мыйзамсыз деп таанууну талап кылууда. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы бул участоктогу бардык натыйжалар жокко чыгарылышы мүмкүн экенин билдирди.

«Таза Шайлоо» коомдук уюмунун аткаруучу директору Тагир Осмоналиев Kloop.kgге бюллетендер картон коробкага салынган участокто бир нече мыйзамдын бузулушуна жол берилгенин айтып берди.

Осмоналиевдин айтымында, участоктогу бюллетендерди санай келгенде берилген чектерге караганда алардын 20сы ашык болуп чыккан.

Добуш берүүнүн эрежеси боюнча, өздүгү аныкталгандан кийин шайлоочу референдум боюнча жана жергиликтүү шайлоодо добуш бериш үчүн эки чек жана эки бюллетень алган. Шайлоо комиссиясы андан кийин чектерди чогултуп, ал эми шайлоочулар өз бюллетендерин тиешелуу урнага салууга тийиш болчу.

«Биз № 1044 участогу боюнча өзүбүз жүргүзгөн байкоонун маалыматтарын БШК жибердик жана бул участоктогу жыйынтык эсепке алынбашын талап кылабыз», — деди ал.

Картон коробка техникалык маселенин чечилиши боло албайт жана урна иштебей калган убакта да аны пайдалануу мыйзамсыз, деп эсептешет «Таза Шайлоонун» адистери.

«Шайлоо участогунун кызматкерлери акт түзүшкөн эмес, адистерди күткөн эмес жана өзүм билемдик менен чечим кабыл алышкан. Аларда кошумча автоматтык урна же жок эле дегенде стационардык ящик болушу керек эле. Ал жакта коробка болгон», — деп түшүндүрдү Осмоналиев.

№ 1044 участогунун жыйынтыктарын жокко чыгарууну «Таза Шайлоонун» өкүлдөрү 11-декабрда шайлоо өтүп жаткан күнү эле талап кылышкан болчу.

Бишкек боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов мекемеге бул шайлоо участогу тууралуу арыз түшкөнүн кабарлады.

«Бул участок боюнча биз сөзсүз маселе көтөрөбүз. Алардын жыйынтыгы чын эле жокко чыгарылышы мүмкүн, анткени биз чын эле жарыкка чыккан видеодо [коробканын жанында] таптакыр чоочун киши отурганын көрүп турабыз, анын баары кандай болуп жатканы түшүнүксүз», — деди ал.

Маматовдун айтымында, участоктун өкүлдөрү коробканы орнотууну «боюнда барларды жана абышка-кемпирлерди батыраак өткөргүсү келгени менен» түшүндүрүштү.

«Бирок антип актанууга болбойт. Алар жок дегенде ал коробкага мөөр басып коюшса болмок […]. Дегинкисин биз колллегиялуу органбыз да, биз отурумда кесиптештерибиз менен да кеңешип коюшубуз керек. Биз “Таза Шайлоонун” арызын карап чыгабыз», — деди ал.

Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерди шайлоо Кыргызстанда 11-декабрда болуп өттү. БШКнын алдын-ала маалыматтар боюнча, референдумга катышкан шайлоочулардын 80 пайызына жакыны Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүнү колдоду. Референдумга катышуу 42 пайызды түздү.

Шаардык кеңештерди шайлоодо дээрлик бардык шаарларда бийликтеги КСДП партиясы жеңип чыкты, бирок ал эч жерде басымдуу көпчүлүккө ээ эмес.

ТЕМА БОЮНЧА МАТЕРИАЛ:


Референдум жана жергиликтүү кеңешти шайлоо — 79,5% конституцияга түзөтүү киргизүүгө макул, КСДП дээрлик бардык шаарларда алдыда