Жашыл экономикага өтүү, Ботаникалык бакты калыбына келтирүү жана Кыргызстанда ишке ашкан үч маанилүү экологиялык демилге тууралуу кыскача.
Макаланын түп нускасы «ЛИВЕНЬ. Living Asia»на сайтына чыккан. Автору Kloop.kgнин мурдагы редактору Дмитрий Мотинов.
Жашыл экономикага өтүү
Кыргызстан жаз мезгилинде айлана чөйрө боюнча БУУнун программасына кошулуп, жашыл экономиканы өнүктүрүү багытында өнөктөш болуп калган. Андан соң Бишкекте жашыл экономикага арналган эки чоң жолугушуу болуп, анда жаратылыш капиталы жана жашыл экономфорум боюнча эл аралык конференция өткөн.
Анда экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев жашыл экономиканы Кыргызстандын брендине айлантууну сунуштаган.
«Соңку 30 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн 15 пайызы эрип жок болуп кеткен. Эгерде абанын температурасы азыркыдай эле бойдон кала берсе, анда 2025-жылга чейин өлкөдөгү мөңгүлөрдүн жалпы аянты 30-40 пайызга азайып кетиши мүмкүн. Анын натыйжасында Борбордук Азиядагы дарыялардагы суунун көлөмү 25-35 пайызга азаят», — деген ал.
Кыргызстан жашыл экономиканы өнүктүрүү жаатында өзүнө артыкчылыктарды аныктап алган:
- Төмөн көмүртектүү энергетиканы өнүктүрүү жана энергоэффективдүүлүктү жогорулатуу;
- Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү;
- Энергоэффективдүү курулуш;
- Тоо-кен өнөр жай компанияларынын айлана чөйронү булгоосун кыскартуу.
Ак-Сай мөңгүсүн тазалоо
Кыргызстандын, Казакстандын, Украинанын жана Орусиянын 50 ашык альпинисттери туристтердин арасында белгилүү болгон Ак-Сай мөңгүсүндөгү таштандыларды тазалашкан. Август жана сентябрь айлары ичинде мөңгүдөн төрт тоннадан ашык таштанды теришкен. Ал жердеги таштандылар туристтердин саякатынын негизинде пайда болгон.
Альпинисттери Рацек станциясына чейин мөңгүдөн таштандыларды алып келишип, ал жерден муниципалдык таштанды жерине тик учак менен ташып кетишкен.
Ак-Сай мөңгүсү өзүндөй эле аталыштагы капчыгайдын жогорку бөлүгүндө жайгашкан, бийиктиги 3860 метр. Ушундай эле акция 2015-жылы уюштурулуп, альпинисттер Ленин чокусунан 11 тонна таштанды чыгарышкан. Ал Памир тоо кыркаларында жайгашкан Борбордук Азиядагы эң бийик тоолордун бири болуп саналат.
Ботаникалык бакты калыбына келтирүү
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Ботаникалык бак Илимдер академиясынын алдындагы Илимий изилдөө институту болуп турган, каржылоонун жетишсиздигинен жана жумуш орундарынын кыскарышынан улам оор убактарды башынан өткөргөн.
Кызматкерлер колдоруна күрөк алып, бактын аймагындагы уникалдуу өсүмдүктөрдү коргоп калууга туура келген. Муну алар ишке ашыра алышкан, «ботаниканын» өзү жана инфраструктура болсо кризис учурунда аянычтуу абалга кептелген.
Кыргыз экологдору 2016-жылы Ботаникалык бакты калыбына келтире башташкан: аймагын тазалап, дарактарды бутактап, өсүмдүктөрдүн коллекциясынын сүрөттөлүшүн жазышкан. Ар бир даракта маалымат тактасы пайда болгон.
Бакты калыбына келтирүү менен алектенген «Арча» фондунун мүчөлөрүнүн башкы максаттарынын бири – бул ишке шаар тургундарын да тартуу. Ботаникалык бакты калыбына келтирүү негизинен шаар тургундарынын колу менен жасалууда. Шаардыктарды бул ишке тартуу үчүн фонддун кызматкерлери экофестивалдарды өткөрүп, адамдарды аталган бакта ишембилик өткөрүүгө чакырган. Ага мамлекеттик органдар жана коммерциялык компаниялар да кошулган.
Бирок бакты калыбына келтирүү боюнча бишкектиктер физикалык жумуш менен эле чектелип калбайт. Илимий изилдөө институтун калыбына келтирүү боюнча пландар жана иш-чаралар коомдук угууга сунушталып, ал жерде бардык эле каалоочулар эколог жана бактын кызматкерлери менен биргелешип иш алып баруу боюнча өз оюн билдире алат.