Казакстанда көп кабаттуу үй кулап түшүп, тогуз киши курман болду

Казакстандын Караганда облусунун Шахан кыштагында көп кабаттуу үй кулап түштү. Баштапкы маалыматтарга караганда, тогуз киши курман болду, алардын үчөө эркек, үчөө аял, үчөө балдар.

Казакстандын «Tengrinews.kz» маалымат агенттиги билдиргендей, чукул окуя Караганда облусунун Шахтинск аймагындагы Шахан кыштагында 1-январдын түнү болгон.

Азыркы тапта куткаруучулар урандылардын астынан төрт кишини сууруп чыгышканын, алардын экөө балдар экенин билдиришти. Урандыларды тазалап, жабыркагандарды издөө улантлууда.

Издөө иштерине 280 киши тартылган. Урандыларды тазалоого куткаруучулар, полиция кызматкерлери, жергиликтүү аткаруу органдары, медициналык тез жардам бригадалары, Улуттук гвардиянын оор инженердик техникасы жана жеке ишкерлер катышууда. Үйдүн кулашына жылытуу казанынын жарылып кетиши себеп болгон. Бул маалыматты шаарда ачылган атайын телефон номеринен ырасташты.

«8:15те куткаруучулар урандынын астынан 32 жаштагы бир кишини сууруп чыгышты. Азыркы тапта ал тирүү, зарыл медициналык жардам алып жатат», — деп билдирди басылманын кабарчысына Казакстандын ИИМинин Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин өкүлү Руслан Иманкулов.

Сүрөт: Tengrinews