Флоридадагы ок атуу: Айыпталуучуну өлүм жазасы күтүп турат

АКШнын Федералдык прокуратурасы Флориданын аба майданында ок аткан Эстебен Сантьягону расмий түрдө айыптады. Аны өлүм жазасы күтүп турат.

Форд-Лодердейл аба майданындагы атышуу. Сүрөт: Reuters

Флоридадагы Форд-Лодердейл аба майданында ок аткан Ирак согушунун ардагери Эстебан Сантьягого расмий түрдө киши өлтүрүү боюнча айып коюлду.

Эгерде Сантьягону күнөөлүү деп эсептешсе анда аны өлүм жазасы же өмүр бою камак күтүп турат.

Аба майданында ал беш кишини атып, сегиз адамды жарадар кылган. Ызы-чуунун айынан тыгылыш болуп 37 адам жабыркаган.

Азыркы учурда кол салуунун себептерин полиция тактап жатат. Кармалгандын туугандары ал Ирактан келгенден кийин психикалык жактан ден соолугу начарлап калганын кабарлашты.

Тергөөчүлөр Эстебан Сантьягонун кол салышы терроризм менен байланышы бар экенин жокко чыгарышпайт. Бирок АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун кызматкерлери кылмышкердин үйүндө тинтүү жүргүзгөндө анын компьютеринде жана телефонунда террористтик уюмдар менен байланышын табышкан жок.

Кыз жарадар адамга жардам берип жатат. Сүрөт: Reuters

Полициянын өзүндө бул адам 2016-жылдын ноябрь айында ФИБге жардам сурап кайрылганын белгилешти. Ал өзүнүн аң сезимин атайын кызматтар көзөмөлдөп жатканын айткан.

Айыпталуучу АКШнын бийлиги аны «Ислам мамлекети» террордук уюмунун видеосун кыйнап көрсөткөнүн айткан.

Анкориж шаарындагы ФИБдин бөлүмүнүн расмий өкүлү Мэрлин Ритцман айыпталуучу аларга кайрылганын ырастады. Бирок АКШнын бийлигине карата айыптоо болгонун төгүнгө чыгарды.

"Сантьяго менен болгон маек учурунда анын сүйлөгөнү түшүнүксүз, айткандары байланышы жок болгон. Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча ФИБ Сантьягону "жергиликтүү бийликтин" колуна өткөрүп берген, алар аны психиатриялык экспертизага жөнөтүшү керек болчу» , - деди ал.

Ал кезде ал өзүнө жооп бербейт деп таанылып, бирок коркунучтуу катары табылган эмес.

Кызматкерлер менен жүргүнчүлөрдү сыртка чыгарышты. Сүрөт: Reuters

Пуэрто-Риколук Эстебан Сантьяго Флоридага Аляскадан рейс менен келген. Ал багажды берүүчү залдан чемодандын ичине катып келген курал менен жүргүнчүлөрдү ата баштаган.

Полиция аны 6-январда кылмыш жасаган жеринен колго түшүргөн.

ТЕМА БОЮНЧА: