Мейманканага өрт коюу боюнча шектүү киши милицияда бут кийиминин боосуна асынып өлдү

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын тургуну мейманканага өрт коюу боюнча шектенүү менен кармалган соң жергиликтүү милиция бөлүмүндө асынып өлдү.

Айыл тургуну 7-январда «Узаке» мейманканасына өрт койду деген доомат менен кармалган. Өрт коюу фактысын видеобайкоо камералары тартып калган.

Кармалган айыл тургуну күнөөсүн мойнуна алып, камакка алынган болчу.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев кармалган адам бут кийиминин боосуна асынып алганын түнкү саат үчтө чакыруудан келген милиция кызматкерлери көрүшкөнүн айтты.

Протокол боюнча милиция шектүүнү колго түшүргөндөн кийин эле анын боосун алып коюшу керек болчу. Кармалган адамдын боосу эмне үчүн бут кийиминде кала бергени азырынча түшүнүксүз.

«Протокол боюнча боону алып коюшат, бирок биз баштапкы маалыматтарды гана алдык. Анын боосу эмне үчүн жанында кала бергени кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө айкындалат», — деди ал Kloop.kgнин журналисттерине.

Осмонбаев кармалган адам өрт коюу боюнча айып коюлуп суракка алынганын, бирок тергөө иштери бүтө элек болгонун айтты.

«Аны кое беришкен эмес, ал кайтарууда болгон, бирок ошол учурда өзүн өзү өлтүрүүгө жетишкен», — деди Осмонбаев.