Өзбекстан туристтер үчүн визаны жокко чыгарууну 2021-жылга чейин коё турмак болду

Өзбекстандын бийлиги 2017-жылдын 1-апрелинен тартып 27 өлкө үчүн визалык режимди алып таштоону пландап жатты эле, бирок бул өзгөрүүлөрдү төрт жылга кийинкиге жылдырып, 2021-жылга чейин кое турмак болду.

 27 өлкөнүн жарандары үчүн визалык режимди жокко чыгарууну 2017-жылдын 1-апрелинен 2021-жылдын 1-январына чейин жылдырды.

Ал бул датанын кийинкиге жылдырылышын «керектүү материалдык-техникалык базаны түзүү, чет өлкөлүк туристтердин жана Өзбекстан жарандарынын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу» зарылдыгы менен негиздеди.

Gazeta.uz гезити жарлыктын текстине таянуу менен визаларды жокко чыгарууну токтото турууну бир нече мекеме, анын ичинде Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитет, ИИМ жана Мамлекеттик бажы комитети сунуш кылышканын жазды.

«Тиешелүү түрдө, Ташкендин, Самаркандын, Бухаранын жана Үргөнчтүн эл аралык аба майдандарында электрондук визаларды жана «жашыл босого» бажы көзөмөл системасын ишке киргизүү, ошондой эле өлкөнүн аба майдандарында жана вокзалдарында өлкөнүн резиденти болгон жана болбогон жарандардын паспорт көзөмөлүн өзүнчө өтүшү 2021-жылга чейин калтырылды», — деп жазат басылма.

Өзбекстан төмөнкү өлкөлөрдөн 30 күндөн ашпаган мөөнөткө барган туристтер үчүн визалык режимди жокко чыгарышы керек болчу:

  • Австралия;
  • Австрия;
  • Улуу Британия;
  • Германия;
  • Дания;
  • Испания;
  • Италия;
  • Канада;
  • Люксембург;
  • Нидерланды;
  • Корея Республикасы;
  • Сингапур;
  • Финляндия;
  • Швейцария;
  • Жапония.

Визалык режимди жеңилдетүү Өзбекстанга төмөнкү 12 өлкөдөн барган, бирок жашы 55тен улуу туристтерге тиешелүү болмок:

  • Бельгия;
  • Индонезия;
  • КЭР (туристтик топтордун курамында);
  • Малайзия;
  • АКШ;
  • Франция;
  • Вьетнам;
  • Израиль;
  • Польша;
  • Венгрия;
  • Португалия;
  • Чехия.

ТЕМА БОЮНЧА: