Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине карата «терс маанайдагы жарыяларды» чыгарган «Фейсбуктун» 45 колдонуучусун тапты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары Болот Сүйүмбаев депутат Ирина Карамушкинанын Атамбаев тууралуу начар кеп айткан «Фейсбуктун» колдонуучуларын табуу боюнча сурамына жооп берди.

Анда атайын кызматтар «мамлекет башчысына карата терс маанайдагы пикирлерди маал-маалы менен жарыялаган» «Фейсбуктун» 45 колдонуучусун таап чыгышканы айтылат. 45 колдонуучунун 10у каякта экени аныкталган, калган 35ине карата «тиешелүү иштер» жүргүзүлүп жатат.

«[10 колдонуучунун дареги] Беларусь Республикасында, Түркияда, АКШда, Казакстан Республикасында, Орусияда, Түштүк Кореяда табылган. Буга байланыштуу аларга карата кандайдыр чара көрүү мүмкүн эмес», — деп айтылат сурамга берилген жоопто.

«Азаттык» үналгысынын кабарчысы УКМКнын Жалал-Абад бөлүмү суракка 11 кишини чакырып, Атамбаевге карата сын пикири үчүн аларга эскертүү бергенин билдирди.

«Эскертүүлөр Сузак районунун төрт тургунуна, Базар-Коргон районунун беш тургунуна, Аксы районунун эки тургунуна берилди. Бул жарандардын айтымында, андан кийин алар коомдук түйүндөрдө эч нерсе жазбай калышты», — деп жазат «Азаттык».

УКМКнын басма сөз кызматы бул боюнча анын жетекчиси Рахат Сулайманов гана комментарий бере алаарын айтты. Макала жарыяланып жаткан учурда Сулаймановдон комментарий алганга мүмкүнчүлүк болгон жок.

«Террорчулук менен күрөшүү натыйжалуураак болмок»

Адвокат Искен Афиджанов атайын кызматтар террорчулук менен күрөшсө натыйжа көбүрөөк болмок деп эсептейт.

«Балким атайын кызматтардын күчүн жана мүмкүнчүлүгүн башкача ойлогон кишилерди издеп отурбай, террорчулук менен күрөшкө пайдаланса туура болоор беле?» — деп суроо коет ал.

Карамушкина өзү комментарий берип жатып Атамбаевдин дарегине айтылган кемсинтүүгө бөгөт коюу — атайын кызматтардын иши экенин билдирди.

«Эч ким бийликти да, өкмөттү да, президенттик аппараттын ишин да иштиктүү сындаганга тыюу салган жок да. Бизде ал тургай президентти сотко да беришет (коңшулаш өлкөлөрдө ошентип көргүлөчү!), бирок кемсинтип, намысына доо кетирип жатса, биздин мамлекеттик коопсуздук органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ага бөгөт коюшу керек», — деп эсептейт ал.

Бул атайын кызматтар президенттин дарегине айтылган сын пикирден улам адамдарды суракка алып, текшерген биринчи учур эмес.

2016-жылдын декабрында Ысык-Көл облусунун тургуну УКМКда Атамбаевге карата сатиранын айынан суракка алынган. Ошол эле жылдын октябрында Карамушкина УКМКны президенттин дарегине коомдук түйүндөрдө айтылган сын пикирлерге көз салууга үндөгөн.

ТЕМА БОЮНЧА: