Кызытмага каршы улуттук уюмдар ассоциациясынын (NADO) 19 өлкөсү орусиялык спортчуларды бардык эл аралык мелдештерден четтетүүнү талап кылышты. Алар Орусияда кызытма колдонуу тууралуу баяндаманын экинчи бөлүгүн изилдеп чыгышкан соң ушудай бүтүмгө келишти.

Мындан тышкары, кызытмага каршы улуттук ассоциациялардын өкүлдөрү Орусияны бардык эл аралык мелдештерди өткөрүү укугунан ажыратууну жана Орусия өз аймагында эл аралык мелдештерди өтүшүнө убактылуу мораторий жарыялоону талап кылышууда.

Бул талаптардын баары кызытмага каршы улуттук ассоциациялардын жетекчилери Орусияда кызытманы жашыруу тууралуу Ричард Макларендин баяндамасынын экинчи бөлүгүн кылдат изилдеп чыгышкан соң коюлган.

Улуттук ассоциациялардын өкүлдөрүнүн пикиринде, бул өлкөдөгү кызытмага каршы системалардын баары Дүйнөлүк кызытмага каршы кодекске туура келгичекти тыюулар кала бериши керек.

Ал эми ДКККнын ченемдерине кызытма үлгүлөрү туура келген орусиялык спортчулар эл аралык мелдештерге бейтарап туунун алдында катышуу укугун алышат.

Орусияга каршы мындай катаал чара көрүүнү Австриянын, Бельгиянын, Канаданын, Хорватиянын, Даниянын, Эстониянын, Финляндиянын, Франциянын, Германиянын, Ирландиянын, Жапониянын, Нидерланддын, Польшанын, Словениянын, Испаниянын, ТАРдын, Швециянын, Швейцариянын жана АКШнын өкүлдөрү колдошту.

NADO отурумунун жыйынтыгы боюнча расмий билдирүү ассоциациянын «Фейсбуктагы» барагында да жарыяланган.

Былтыр декабрда канадалык юрист Ричард Макларендин баяндамасынын экинчи бөлүгү жарык көргөн, анда орусиялык спортчулардын кызытма үлгүлөрү менен шылуундук болгонуна, ага спорт министрлиги жана ФКК тиешеси бар экендигине далилдер келтирилген.

Орусия өз кезегинде бардык дооматтарды четке кагып келет.