Италияда жер титирөө кар көчкүнүн жүрүшүнө себеп болуп, көчкү «Ригопиано» мейманканасын басып калган. Анда 30дан ашык адам болгон.

«Ригопиано» мейманканасында тургандардын биринен «Жардамга, биз тоңуп атабыз» деген кабар түшкөн. Мейманкана 18-ноябрда Гран-Сассо тоосунан түшкөн көчкүнүн алдында калып калган.

Мейманканада балдары менен эс алууга келгендер жана персонал, бардыгы болуп 30дан ашык адам бар болчу. Үч адамды кар ширендисинин алдынан куткарып калууга жетишишкен. Дагы бир нече каза болгондордун денелери табылды.

Кардын туткунунда дагы 20дан ашык адам калды. Алардын абалы белгисиз.

Куткарылгандардын бири Жампьеро Парете. Ал буюмдарын алыш үчүн машинеге чыкканда кар көчкү басып калган. Мейманканада анын жубайы балдары менен калган.

Учурда куткаруучулар мейманкананын бир бөлүгүнө жете алышты. Көчкү чатырдын айрым жерлерин талкалаптыр, ал эми имараттын өзүн мурдагы жеринен он метрге жылдырган. Куткаруучулардын айтымында, курмандыктардын көп болушу күтүлөт.

Көчкү жүрөөрдө бул аймакта кар калың жааган — куткаруучулар бийиктиги 5 метрге чейин кар арасында жол салууга аргасыз болушту.

Италияга келген аномалдуу кыш абалды оорлотуп жатат. Калыңдыгы 5 метр болгон кардын айынан куткаруучуларга мейманканага жетиш өтө оор болгон. Жыйырма чакты адам дагы эле кар туткунунда калууда.

Кар көчкүнүн жүрүшүнө магнитудасы 5 баллга жеткен жердин силкиниши себеп болгон. Италиянын ар кайсы аймактарында 18-январда төрт жер титирөө болуп, бул кар көчкүлөрүнүн жүрүшүнө, шаарлар менен айылдардын сырткы дүйнө менен байланышынын үзүлүшүнө алып келген.

2016-жылдын жайындагы Италиядагы жер титирөөдө 200 адам курман болгон. Бир канча шаар талкаланган.

ТЕМА БОЮНЧА