Бир нече жыл мурда Кыргызстандын борборунда Андрей Кияшконун кирешелүү иши, ыңгайлуу жашоосу бар эле. Ал баарын таштап, үй-бүлөсү менен Ысык-Көлдүн жээгиндеги айылга көчүп кетти. Ал ошол жерде жылуулукту мыкты сактаган үйдү башынан баштап салып бүтүп, эми экологиялык жактан таза азыктарды өндүрүүгө киришти.

Материалдын түп нускасы «ЛИВЕНЬ. Living Asia» сайтында жарык көргөн. Макаланын автору — Kloop.kgнин мурдагы редактору Дмитрий Мотинов. Материалды иллюстрациялаган даректүү фильмди жана сүрөттөрдү Kloop.kg даярдады.

Бишкекте жашап жүргөндө эле Андрей үй-бүлөсү менен дем алыш сайын лыжа тээп же парапланда учканы шаар тышына чыгып турчу. Ал өзү сноубординг боюнча инструктор болчу. Эми Кияшконун үй-бүлөсү үчүн тобокелге бел байлаган эс алуу сейрек кездешчү көрүнүш болуп калды.

Ага таң калып деле болбойт — кадимки турмушта деле чукул кырдаалдар жетиштүү. Айылда суу көп түгөнөт, Андрей балдары менен барып шар аккан дайрадан суу сузуп алганы деле оңой эмес. Кээде күнүнө эки маал ошентишке туура келет.

Кияшконун үй-бүлөсү кантип жашайт? Kloopтун даректүү фильминин тизери

«Адам жаратылышка жакыныраак көчүп барганда жомокто жашап калчудай сезилет. Бирок ал жомокту жаратыш үчүн жок дегенде үстүңдө үйүң болушу керек. Биз бул жерден бир топ кыйынчылыктарды баштан кечиришке туура келди. Мурда биздики барак үй болчу, биз аны кайра жасап чыктык. Чатыры жок эле — катуу жаан жааса суу каптап кетчү. Шыптан суу агып, электр зымдарынын баары күйүп кеткен. Биз көрүп алып эсибиз ооду — үй суук болчу — 20 градустан ашык температураны кармап туруш ойго келбеген нерсе эле. Адегенде биз кышында 14-15 градус температура менен жашап жүрдүк», — дейт Андрей Кияшко.

Азыр Андрейдин үйү өзгөргөн — меш кышында ашып кетсе 10 жолу жагылса да, үй бир топ эле жылуу.

«Үйдүн түзүлүшүн мен өзүм ойлоп таптым – бул менин чыгармам десе да болот, бирок дүйнө жүзүндө мындай нерсени жасап эле келишиптир. Мындай ой баарында эле болгон экен», — дейт Андрей.

Үйдүн түштүк жак дубалына силикат кыш кыналып, жакшыраак жылышы үчүн кара чопо менен шыбалган — анысы үйдүн негизги «меши». Дубал күндөн жылып, жылуулукту үйгө өткөрүп берет. Үйдүн түндүк жагында – ал баарынан аз жылыйт — техникалык курулуштар жайгашкан.

Үйдүн астындагы жер тоңуп калбашы үчүн Андрей пайдубалды пенопласт менен жылуулап чыкты — антпесе төшөлмө аркылуу көп жылуулук кетип калмак. Эми үйдүн түбүндөгү жердин температурасы кышында 12 градустан ылдый түшпөйт.

Үйдүн тышынан дубалдар чопо баткакка чыланган саман менен жылууланган. Эки кабаттын тең түштүк бетине айнек коюлган — ал үйгө күн нурларын өткөрүп турат. Күн кирпич менен чопону жылытат. Айнек жылуулукту тышка чыгарбайт.

Андрей Григорьевкадагы эң эски үйлөр ошол эле принцип менен салынганын айтып берди. Алардын терезеси түштүккө карайт.

«Бул кандайдыр ачылыш деле эмес — биз ата-бабаларыбыз билген нерсеге эле кайрылып атабыз», — дейт ал.

Андрейдин азыркы жашосундагы эбегейсиз көп айнектер анын мурунку турмушун эстетип турат. Бишкекте ал 15 жыл бою айнек кесип сатып, терезе койгон. Иш ийгиликтүү болчу дейт — ал тургай катардагы кызматчылар деле Кыргызстан үчүн абдан жогору айлык алышчу экен.

«Бир күнү мен бүт өмүрүмдү акча табууга жумшаганым аянычтуу болоорун ойлодум», — деди Кияшко.

Эми Андрей башка иш жүргүзөт. Интернет аркылуу ал буюртмаларды алып, Бишкектеги алармандарга өз фермасынын өнүмдөрүн: арпа менен буудайдын кесек унун, акталган манна, жашыл гречка, сурепка майын, алма, картөшкө алып барат.

Антип көп акча табышка мүмкүн эмес, бирок Кияшконун үй-бүлөсү шаардан акча табыш үчүн эмес, жаратылыш менен шайкеш жашаш үчүн кеткен.

«Мен Жер бетинде өзүм уялбагыдай бир нерсе калтырып кетким келет. Биз участогубузда жүздөгөн жана ал тургай миңдеген бак отургузуп жатабыз. Жаратылышка алып чыгып тиккенге да аракет кылабыз, бирок ал кыйын — жайылган мал дээрлик баарын жалмап кетет. Мен бул жерде бейиштин төрүн кургум келет», — дейт Андрей.

Бейиштин төрүн куруп чыгыш оңой иш эмес экен. Көлгө жакын жайгашкан участогунан булардын үй-бүлөсү эки жыл катары менен таштанды чыгарды. Эми бул жерде кең талаа, бакча, теплица жана чакан үй турат — аны да Андрей жылуулук коротпогудай кылып салып чыккан.

Жаратылыштагы жылуулук үнөмдөгөн турмуш — бүт үй-бүлөнүн жумушу. Бул ишке Андрейдин өзү менен аялы Ольгадан тартып ар бир баласы тартылган — анын алты баласы бар.

ТЕМА БОЮНЧА: