«Өлүм топторуна» байланыштуу ШИИБ Бишкектин борборундагы жаян тартылган граффитини текшерүүгө алды

Шаардык милиция Бишкектин борборунда жаяндын сүрөтүнүн пайда болушун иликтеп жатышат. Граффитини тарткандар бул сүрөттүн символу көк жаян болгон өспүрүмдөрдүн «өз жанын кыюуга түрткөн» оюндарына эч кандай тиешеси жок экенин айтышууда.

ШИИБдин басма сөз катчысы Олжобай Казыбаев Kloop.kgге маалымдагандай, коомдук тармактарда өспүрүмдөрдү өз жанын кыюуга түрткөн оюндар катуу талкууга алынгандыктан, милиция Чүй-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратта тартылган граффитинин пайда болушун изилдеп көрүүнү чечкен.

«Граффитинин оюндар менен байланышы текшерилүүдө. Ал эмнеге тартылды эле, автору ким, ким уруксат берди, анын “Көк жаян” ( “Синий кит”) же “Тынч үй” (“Тихий дом”) деген оюндарга тиешеси барбы?» — деди Казыбаев.

Казыбаев толуктагандай, граффитини текшерүү — «жөн эле профилактика».

Граффитинин жанында протокол түзүп жаткан милиционерлердин сүрөтүн КТРКнын гендиректору Илим Карыпбеков өз твиттеринде жарыялаган.

Граффитиде балакай колун созуп турган чоң ак белуха тартылган. Анда «Сенин эңсегениң жаныңда» деген жазуу бар.

Граффитинин автору Сергей Келлер фейсбукта өз жанын кыюуга түрткөн оюндарга сүрөттүн эч тиешеси жок экенин жазган.

«Туристтик фирманын имаратынын фасадын кооздойлу деп биз аны эки жыл тартканбыз, иштин максаты — туризмди жана саякаттоонуу пропагандалоо! Анан да, бул белуха! [дельфиндин түрү]», — дейт Келлер.

Сүрөттө Сергей Белошапкиндин граффитиси.

Өспүрүмдөр арасында өз жанын кыюу темасы интернеттин кыргыз сегментинде «Спутник» басылмасындагы макаладан кийин башталган, анын авторлору өз жанын кыюуга түрткөн оюн «Кыргызстанга жетти» деп жазышкан.

Бирок милиция Кыргызстанда интернеттеги материалдан улам кимдир бирөө өз жанын кыйган бир да учур боло элек экенин билдирди.

Ошого карабастан, ИИМ интернетте «өспүрүмдөрдү өз жанын кыюуга азгырган оюндардын жайылышына» көз салууга убада берди, бирок ал иш кандай жасалаары белгисиз.

Биринчи жолу «өлүм топторунун» темасы Орусиянын «Новая газета» басылмасындагы макалада сүрөттөлгөн.

Макалага ылайык, бул «оюндун» маңызы боюнча мындай топтордун администраторлору мектеп окуучуларын оюнга чакырып, айрым бир хэштегдерди пайдалануу менен коомдук түйүндөрдө көк жаяндын сүрөтүн коюуну сунуш кылышат. Андан ары алар мектеп окуучуларын ар кандай тапшырмаларды аткарууга көндүрүшүп, акырында өз жанын кыюуга чейин алып барган тапшырмаларды беришет.

«Новая газетанын» материалы журналисттик коомчулук тарабынан катуу сынга кабылган. Кесиптештер макалада өз жанын кыюу менен «өлүм топторунун» ортосундагы себеп-натыйжа байланыштары далилденген жок деп эсептешкен.


ТЕМА БОЮНЧА: