Милиция мектептерде өз жанын кыюуга байланыштуу белгилерди издеп, текшерүү иштерин баштады. Бишкектеги мектептин окуучусу М. А. мындай текшерүүлөрдүн кандай өтүп жатканын жана милиционерлер менен мугалимдерде эмне шек жаратып жатканын айтып берди.

«Сен чын эле бул оюндарды ойносоң керек»

«Өлүм топтору» тууралуу кечээ мугалимибиз айтып бере баштады. Алар айтып беришкендей, «Көк жаян (Синий кит)» жана «Тынч үй (Тихий дом)» сыяктуу оюндар зыяндуу жана кооптуу экен. Эки күндөн бери мектепте баары эле ушулар жөнүндө гана сүйлөшүп калышты.

Ал эми бүгүн класска бешинчи саатта участкалык милиция кызматкери, англис тили мугалими жана психолог кирди. Алар бизге азыр колубузду текшерип, кесиктер бар-жок экени издээрин айтышты. Баштыгыбыздан, кийимдерибиздин чөнтөктөрүнөн бардык нерселерди чыгаруубуз керек экенин айтышты.

Кесиктер жана өз жанын кыюуга байланыштуу белгилер бар-жок экенин текшериш үчүн адегенде билектерибизди карашты. Андан соң баарынын телефондорун топтоп алып, коомдук түйүндөрдү жана колдонмолорду текшерүүгө алышты.

Качан мага кезек келгенде милиционер смартфонумду дыкаттык менен карады: колдонмолордун менюсун барактап, сүрөттөрдү көрүп чыкты. ВКонтактени колдонуп-колдонбошумду сурады. Мен колдоноорумду айттым. Милиционер жообума шектүү карап калды.

Ошондо мага суроолор жаай баштады. Телефонумда ВКонтактенин колдонмосу болгондуктан алар [милиционер менен мугалимдер] «көк жаянды» ойнойсуң деп күмөн санашты. Алар телефонумдун мазмунун текшерип жатып «сен чын эле бул оюндарды ойносоң керек» деп кайра-кайра айтып жатышты.

Жанымда ноутбугум да бар болчу. Милиционер аны да текшерейин деп, бирок текшерген жок.

Кийин бардык эркек балдарды тактага (доска) чыккыла дешти. Алардын чөнтөктөрүн текшерип, ал эми кыздардын баштыктарынын ичин текшеришти. Бизде суроо пайда болбошу үчүн мугалим бул текшерүү район акиминин уруксаты менен өтүп жатканын айтып эскертти.

Бул менде чын эле суроо жаратты: Эмнеге аким биздин жеке буюмдарыбызды жана телефондорубузду текшерүүгө алат?

Алар чөнтөктөрүбүздү жана баштыктарыбызды текшерип бүткөндөн кийин биз партага отуруп, милиционер «өз жанымды кыйганга чейин 50 күн калды» деген китепти көтөрүп, аны ичибизден кимдир бирөө окуп-окубаганын сурады.

Мен туура эле окудумбу деп китептин аталышын үн чыгара окудум. Милиционер дароо сурады: «Сен эмне окудуңбу?». Мен «жок» деп жооп бердим. Классташтарымдын эч бири аны окуган эмес.

Көрсө, ал китепти мектебибиздеги текшерүү учурунда 9-класста окуган кыздан таап алышыптыр. Кийин милиционер бул китепти окубашыбыз керек экени тууралуу лекция окуп, «баары ошондон башталаарын» айтты.

Милиционер менен мугалимдер биз менен биз бир күнөө иш кылгансып, алар болсо муну далилдегенсип сүйлөшүп жатышты. Ошондуктан алар ар бир майда-баратка асылып жатышты.

Текшерүү жарым сааттай созулду. Бул убакытта менде тынчымды алган коркунучтуу сезим болду.

Баары бүткөндөн кийин, эгерде мисалы мага жаяндар жакса, жөн гана аны экраныма коюп алсам эмне болот деп мугалимден сурадым. Анда ал мени психологго жиберээрин айтты.

Психологдун пикири

Мектеп психологу Тынчтыкбек Бакытовдун пикиринде, мындай текшерүүлөр, жеке буюмдарды кароолор жана смартфондорду иликтөө жеке мейкиндикти бузуу болуп эсептелет. Мындай текшерүүлөр балдардын эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн дейт ал.

«Текшерүү актысы өзү эле чоң адамдар тарабынан өспүрүмдөргө карата ишенимсиз мамиледен кабар берет. Өспүрүмдөр кызуу кандуу чечимдерге жакын, ошондуктан улуулар чечим чыгарууда салмактап, басым көрсөтүүнүн ордуна диалог курууга аракет кылуусу керек», — деп кеңеш берет Бакытов.

Анын ою боюнча, мындай текшерүүлөр өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө жардам бербейт.

«Мен билим берүү мекемелери менен укук коргоо органдарын өспүрүмдөрдүн өз жанын кыюусуна байланыштуу профилактикалык иштерди системалаштырууга чакырат элем», — деди Бакытов Кloop.kgге курган маегинде.

Милициянын иш-аракеттери

Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Азамат Абдрахмановдун билдиришинче, мындай чаралар «өлүм топторунун» кескин түрдө тарап кетишине байланыштуу көрүлүүдө.

«Бизде мындай ыкчам кийлигишүү иштери болду. Анткени биздин убактыбыз аз. Балдар [оюнда катышып жатканын] жашырып жатышат. Бул жугуштуу нерсени колдон келишинче эртерээк токтотуп калуу биз үчүн маанилүү», — деди Абдрахманов Kloop.kgнин түз эфиринде.


ТЕМА БОЮНЧА: