Баткен: Сегизинчи класстын окуучусу өз теңтушун өлтүрдү деп шек саналууда

Сегизинчи класстын окуучусу Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылында өз теңтушун өлтүрдү деген шектенүү менен кармалды. Тергөө органдары ал өз классташын өлтүрүп туруп арыкка жашырып койгон деп эсептейт.

Тергөөнүн версиясы боюнча, киши өлтүрүүгө ортодогу чатак себеп болгон. Сегизинчи класстын эки окуучусу айылдын четине баргандан кийин ортодон мушташ чыккан.

Мушташ маалында окуучулардын бири экинчисин катуу нерсе менен баштан ары чаап жибергендиктен ал мүрт кеткен.

«Жаракаттардын айынан ал көз жумган. Шектүү өспүрүм анын өлүгүн арыкка катып коюп кетип калган. Кийинки күнү келип, өлүктү жүгөрү менен жаап чыккан», — деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Киши өлтүрүү боюнча шектүү окуучу колго түштү. Ага каршы «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмыш кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмышкер мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.


ТЕМА БОЮНЧА: