Баланын көзүнчө киши өлтүрүү: Милиция шектүүлөрдү кармады

Милиция Бишкектеги Аламүдүн-1 кичирайонунда пенсионер аялды өлтүрүүгө шектүү үч кишини колго түшүрдү. Аял жанында бир жашар небереси бар кезде киши колдуу болгон.

Аялды өлтүрүү боюнча эки пенсионер — 64 жаштагы эркек жана 61 жаштагы аял шектүү болуп чыкты. Киши өлтүрүү боюнча жанынан баңгизат табылган 37 жаштагы эркек киши да шек жаратып жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, киши өлтүрүүнүн максаты карактоо болгон — окуя болгон күнү каза тапкан аялдын үйүнөн чоң суммадагы акча жоголуп кеткен.

Шектүүлөрдүн үйүн тинтүүдөн кийин аларда ок атуучу курал — үч согуштук патрону бар «Макаров» тапанчасы, магазини бар «Байкал» травматикалык тапанчасы жана пневматикалык тапанча табылган.

60 жаштагы пенсионер аял 22-февралда күндүз, үйдө небереси бар учурда өлтүрүлгөн.

«Аялдын денесинде башынын тушунда ок атуучу куралдан алган жаракатка мүнөздүү издер калган. Ошол эле жерде "Макаров" тапанчасынын гильзасы табылган», — деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Окуя жөнүндө укук коргоо органдарына маркум аялдын мектептен келген улуу небереси билдирген.

Милиция Кылмыш кодексинин «Киши өлтүрүү» беренси боюнча кылмыш ишин козгогон.


ТЕМА БОЮНЧА: