№ 1 ТИЗОнун төрт кызматкери кыйноо ыкмаларын колдонгону үчүн жети жылга эркинен ажыратылды

Сот Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрт кызматкерин кыйноо ыкмаларын колдонгону үчүн күчөтүлгөн режимдеги колонияда жети жылга эркинен ажыратууга өкүм кылды.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2-мартта № 1 ТИЗОнун төрт кызматкерине Кылмыш кодексинин «Кыйноо» беренеси боюнча өкүм чыгарды.

Соттолуучулар өкүм чыккан соң сот залында камакка алынды. Аларды күчөтүлгөн режимдеги колонияда жети жылга эркинен ажыратууга өкүм чыкты.

Эки эркек киши № 1 ТИЗОдо 2014-жылы январдын аягында кыйноого кириптер болгон. Алар милицияга арыз менен кайрылып, натыйжада төрт кызматкерге карата 2014-жылдын 14-февралында аларга каршы «Кыйноо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Укук коргоо органдары арыз көп түшкөнүнө карабастан, бул берене боюнча кылмыш ишин козгогон учурлар өтө сейрек кездешет.

«Кыйноо» беренеси Кылмыш кодексине 2003-жылы киргизилген. Бирок 2003-жылдан 2016-жылдын биринчи чейрегине чейин расмий статистика боюнча биринчи инстанциядагы сотторго кыйноого байланышкан алты гана кылмыш иши келип түшкөн.

2013-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бул берене боюнча милиция кызматкери соттолгон.


ТЕМА БОЮНЧА: