Бишкек: Мэрия шаардын борборунда 100 бакты кыймак болду

Мэрия Бишкектин борборундагы «опурталдуу» бактарды кыя баштады. Экологдор бул башкалаанын экологиясына терс таасир этет деп эсептешет.

Мэриянын басма сөз катчысы Гуля Алмамбетова Kloop.kgге азыр шаардагы жолдорду кайра куруу жана жандандыруу иштери жүрүп жатканын, ошондуктан Бишкектин борборунда бактар кыйылып жатканын айтты.

«Чүй проспектинен тартып Бөкөнбаев көчөсүнө опурталдуу жана асфальтты бузуп жаткан бактар табылды», — деди ал.

Биринчи май районунун агроному «Заноза» басылмасы менен болгон маекте, бактарды кыюу боюнча иштер Бишкекбашкыархитектура, прокуратура жана президенттин аппараты менен макулдашылганын айтты.

#ЭлЭмнеДейт: Бишкектеги бактарды кыюу керекпи?

«Ал жакта тосмолор менен жашыл кашаалардын баары алынат. Келечекте алардын ордуна токтотмолорду жана тротуарларды салып, башкалааны жашылдандырыш үчүн газон тигүү пландалууда», — деди ал.

Анын айтымында, жакын арада Тоголок Молдо, Логвиненко, Киев көчөлөрүндөгү бактардын баары кыйылат. Ал мэрия сугат системаларын толук алмаштырууга жана жаңы тротуарларды салууга убада бергенин айтты.

Алмамбетова мэрия кыйылган бактардын ордуна шаар боюнча 10 миң бак тигээрин билдирди.

Эмил Шүкүров. Сүрөт: Андрей Костикин/ONE MAGAZINE.

Эколог Эмил Шүкүров бактарды кыюу экологияга зыян тийгизип гана тим болбостон, шаардын көркүн да бузаарын Kloop.kgге айтты.

Шүкүровдун пикиринде, бактар эскилиги жетип, жөө жүргүнчүлөргө коркунуч келтиргени тууралуу жүйөлөр анча ынандырбайт.

Эколог мэрия 1950-1960-жылдары тигилген бактардын баарын эскилиги жеткенине байланыштуу кыймакчы болгонун айтат. Шүкүров муну туура эмес деп эсептейт, анткени бактын орточо өмүрү 150 жылдан ашат.

«Шаарда эскилиги жетти дегидей бактар жок. Бактар каралбай калгандыктан кыйылып жатат. Мен “Зеленстройду” эл жоопкерчиликке чакырышы керек деп эсептейм», — деди Шүкүров.


ТЕМА БОЮНЧА: