«Бир жолу мени ала качып кетишти…» Алиянын окуясы

Алияны жана анын сиңдисин бир жолу кафеде ала качып кете жаздашканы — «Бир жолу мени ала качып кетишти…» түрмөгүндөгү дагы бир бап. Бул тасмаларда кыздар аларды кантип нике куруш үчүн ала качышканын жана көңүлү жок нике эмнеге алып келээрин айтып беришет.

Долбоордун автору жана сүрөтчү: Татьяна Зеленская. Монтаж жана анимация: Егор Танков. Баяндоо автордун атынан жүргүзүлөт.

Алияны ала качууга аракет кылышканда ал 19 жашта болчу.

Бул окуя кафеде болгон. Ал сиңдиси экөө үч жигит менен отуруп, алардын бири Алияны ала качкысы келгенин чечкиндүү билдирген.

Ал сыртынан жоош-момун көрүнөт, бирок мага бул анын ийкемдүүлүгү мене басмырттыгын эмес, күчтүү рухун көрсөтүп тургандай. Ыйлап-сыктап, коркуп кеткендин ордуна Алия каяша айтууну чечкен — менимче жигиттерди анын «тарбиясыздыгы» эмес (ал балдарды аракка жумшаган), чечкиндүүлүгү коркуткан көрүнөт. Алар анын жөн эле багынып бербестигин түшүнүшкөн.

Сиңдиси менен баары тескерисинче болгон. Турмушта ал шайыр, жандуу, бирок кырдаал курчуп кетээри менен ал момурап отуруп калган. Жигиттер Алиянын ордуна сиңдисин ала качса болоорун түшүнүшкөндө ал таптакыр жүрөгү түшүп калган.

Абалды кайра эле Алиянын чечкиндүүлүгү сактап калган. Ал сиңдисине эчак эле сөйкө салынып, той жакындап калганын айтып жигиттерди ынандырган.

Бул окуянын аягы жакшы бүтөт. Алия турмушта өз жолун тапты, ал бактылуу — менимче анын жоругу башка айрым кыздарга үлгү болушу керек. Албетте, кыздын чечкиндүүлүгү ар бир ала качкан жигиттен сактай бербейт, бирок качан болбосун катылгандын катыгын берсе болоорун унутпаш керек.

Ала качуу

Күн сайын өлкө боюнча 10дон 30га чейин кыз ала качууга туш болушат. Акыйкатчы институтунун расмий маалыматына ылайык, жыл сайын Кыргызстанда 8000 кыз ала качууга туш болуп, алардын 20 пайызы гана ала качкан жигит менен турмуш куруудан баш тартышат.

«Бир жолу мени ала качып кетиши…» Элзаданын окуясы

Никеге туруш үчүн кыз ала качуу 2012-жылдын декабрынан тартып кылмыш жообуна тарта турган иш болуп калган. Андан бери кыз ала качуу үчүн 7 жылга эркинен ажыратуу каралып келет. Бирок андан бери бүтүндөй 2015-жылы болгону 25 кылмыш иши козголгон.

Аялдардн укуктарын коргоо жаатындагы эксперттер кыздардын «жаңы» үй-бүлөлөрдө калышынын негизги себеби — улуулардын басымы деп эсептешет.


ТЕМА БОЮНЧА: