«Ата Мекен» Атамбаевге каршы: Экспертиза «сасыган» деген сөз кемсинтүүгө кирээр-кирбесин аныктайт

Сот «сасыган» деген сөз канчалык кемсинтээрин түшүнүш үчүн аны лингвистикалык экспертизага жөнөттү. Бул сөз менен президент Алмазбек Атамбаев «айрым саясатчыларды жана партияларды» мүнөздөгөн. «Ата Мекен» партиясы бул сөздү өз дарегине айтылган кемсинтүү катары кабыл алып президентти сотко берген.

«Ата-Мекен» партиясынын адвокаты Канатбек Азиз Kloop.kg менен болгон маекте Биринчи май райондук соту Атамбаевдин өкүлү Айжан Кадырованын өтүнүч катын канааттандырып, «сасыган» деген сөзгө филологиялык-лингвистикалык экспертиза дайындаганын билдирди.

Азиздин пикиринде Кадырова ушундай жол менен «ишти созууга» аракет кылууда.

«Лингвисттер аны кемсинтүүчү сөз эмес деп корутунду беришет деп ойлойм, бирок сасыган деген сөз эч качан оң мааниде болгон эмес», — деп эсептейт юрист.

Кадырова соттун биринчи отурумунда Атамбаевдин «сасыган» партия тууралуу сөзү «Ата Мекенге» багытталган эмес деп чыккан. Бирок ал бул сөз багытталган партияларды атаган эмес, анткени алардан сотко доо арыз түшпөгөнүн айткан.

Президент маданияттагы жетишкендиктери үчүн 6-мартта айрым адамдарга сыйлык тапшыруу учурунда айрым партияларды «сасык», ал эми айрым саясатчыларды «талоончу» деп атаган.

«Ата Мекендин» юристтери бул сөздү өз партиясына тиешелүү айтылган сөз деп эсептеп, бирикменин ишкерлик аброюн коргош үчүн президентти сотко беришкен.

«Ата Мекен» менен президенттин соттук териштирүүсү Алмазбек Атамбаев менен партиянын башчысы Өмүрбек Текебаев тирешип жаткан шартта өтүп жатат.

Текебаев Атамбаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн мүлкү тууралуу маалыматты жарыялаган. Депутат президенттин Кой-Таш айылында салынып жаткан үйү жана Кипрдеги мүлкү тууралуу айтып берген.

Текебаев мартта президентке каршы импичмент процедурасын баштоону да пландап жаткан.

Оппозициячы 26-февралга караган түнү кызматтык сапарынан кайтып келатканда «Манас» аба майданында кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жеткирилген.

Депутатка каршы «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон, ага орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызы себеп болгон, ал «Мегаком» уюк операторун башкарууга мүмкүнчүлүк алыш үчүн Текебаевге 2010-жылы 1 миллион доллар бергенин айткан.

Текебаевдин тарапкерлери 26-февралда УКМКнын имаратынын алдына митингге чыгып, депутатты бошотууну талап кылышкан. Бирок нааразылык акцияларына карабастан сот Текебаевди эки айга камакка алган. Азыр ал УКМКнын тергөө изоляторунда отурат.


ТЕМА БОЮНЧА: