Президенттин басма сөз катчысы өзүнө жана УКМКнын башчысына каршы берилген «Ата Мекендин» доо арыздарын «долулуктун көрүнүшү» деп атады

Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Алмаз Үсөнов өзүнө жана УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевге каршы «Ата Мекендин» үч депутаты берген доо арызга комментарий берди. Ал укук коргоо органдары парламент өкүлдөрүнүн коррупциялык иштерин иликтей баштаганы үчүн алар сотко кайрылды деп эсептейт.

Үсөнов «Фэйсбуктагы» өз барагында «Ата Мекендин» депутаттарынын доо арыздарын «долулануу» катары карай тургандыгын жазды.

«Текебаевдин юристтери мындай окуяларга кынык алышкан. “Ата Мекендин” депутаттарынын жигердүүлүгү укук коргоо органдары алар катышкан коррупциялык иштердин бетин ача баштаганына байланыштуу. Жакында коомчулук алардын дүркүрөгөн таржымалынан көп кызыктуу нерсени билет деп ишенем. Алар баарынан да ошондон коркуп жатышат», — деп жазды ал.

Мурда «Ата Мекен» партиясынын юристтери президенттин басма сөз кызматынын башчысы Алмаз Үсөновду жана УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди сотко беришкен.

Депутаттар алардын «Мегаком» компаниясын сатууга кызыкчылыгы болгону тууралуу маалыматтын таралышы жалган жана алардын ар-намысына шек келтирет деп эсептешет.

«Ата Мекендин» башчысы Өмүрбек Текебаев Үсөнов менен Сегизбаевден 60 миллион сом өндүрүп берүүнү соттон талап кылды. Аида Салянова менен Алмамбет Шыкмаматов алардын эл алдында кечирим сурашын жана айтылган маалыматты төгүнгө чыгарышын талап кылышты.

Депутаттар ошондой эле сот Үсөнов менен Сегизбаевдин мүлкүн камакка алышын талап кылышууда.

Сегизбаев 2016-жылдын декабрынын аягында президент Алмазбек Атамбаевге Белизден келди деген документтерди көрсөткөн. Ал кагаздар боюнча партиянын үч депутаты Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова 2010-жылы «Мегакомдун» акцияларын сатмак болушкан.

«Атамекенчилерге» каршы кылмыш иштери

Үч депутатка тең каршы уюк операторунун акцияларын сатуу аракетине байланышпаган кылмыш иштери козголгон.

Башкы прокуратура Алмамбет Шыкмаматовго каршы Эсептөө палатасы үчүн кызматтык автоунааларды сатып алуу боюнча тендер өткөрүүдөгү «Коррупция» жана «документтерди бурмалоо» боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал эч жакка кетпестиги тууралуу тил кат жазып берген.

Салянова да Максим Бакиевдин мурдагы адвокаты Алексей Елисеевге 2010-жылы лицензия берүүдө «кызмат абалынан ашыра пайдаланганы» тууралуу иш боюнча эч жакка кетпестиги тууралуу тил кат жазып берген.

Текебаев өзү камакка алынып, УКМКнын ТИЗОсунда отурат. Ал орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызы боюнча «Коррупция» жана «Алдамчылык» боюнча айыпталууда. Анын айтымында, Текебаев андан 2010-жылы миллион доллар пара алып, Маевскийди «Мегакомду» башкарууга киргизүүгө убада берген.