Жалал-Абад: Жер көчкүнүн айынан эки миңден ашуун үйдү суу капташы мүмкүн

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Кара-Үңкүр суусуна жер көчкү түштү. Эки миңден ашуун үйдү суу капташы ыктымал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Көк-Алма айылында жер көчкү дайраны бөгөп калып, анын айынан 2584 үй суу каптоо коркунучуна кабылды.

ӨКМ өзөндүн жанындагы 414 түтүн коопсуз жерге көчүрүлгөнүн билдирди.

Окуя болго жерде өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жүрөт, ал калган үй-бүлөлөрдү көчүрүү маселесин чечип жатат.

Быйыл марттын аягында Өзгөн районунда жер көчкү Ош облусунун озгөн районунун Ничке-Сай айылындагы төрт үйдү басып калган. Анда алты кишиде үй-бүлө жан берген.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын жанында марттын ортосунда жер көчкү жыла башталганы катталган. Анда ӨКМ жакын жайгашкан үйлөрдүн тургундарын чыгарып кеткендиктен эч ким зыян тарткан эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: