Казакстандын президенти казак тили латын жазуусуна өтөөрүн жарыялады

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев баарлашууну жеңилдетип, коомду заманга ылайыкташ үчүн жыл аягына чейин казак тилинин латиница үчүн стандартын иштеп чыгууну тапшырды. 2018-жылдан тартып окутуу жана окуу китептерин которуу үчүн адистерди даярдоо башталат.

Казакстандын «Егемен Казакстан» гезитинде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казак тилин латын алфавитине өткөрүүнүн зарылдыгы тууралуу макаласын жарыялады. Азыр өлкөдө айрым латын символдору кирген кириллица пайдаланылууда.

Президент 2018-жылдан тартып жаңы алфавитке окутуу боюнча адистерди даярдоого киришкени турат. Ошондой эле казак тилиндеги орто мектептер үчүн латын жазуусу менен окуу китептерин даярдоо башталат.

Анын айтымында, жаңы алфавит коомду заман талабына натыйжалуураак ылайыкташтырууга мүмкүнчүлүк берет, тышкы дүйнө менен карым-катышты жеңилдетет жана балдарга англис тилин үйрөнүүгө жардам берет.

2025-жылы документтерди латын жазуусуна өткөрүү жана мезгилдүү басылмалар менен окуу китептерин латын жазуусунда басып чыгаруу пландалууда.

Назарбаев казак тилин латын жазуусуна өткөрүү тууралуу 2012-жылы «“Казакстан — 2050” стратегиясы» атууу кайрылуусунда айткан. Ал бул маселени 2006-жылы Казакстан элдеринин ассамблеясында да көтөргөн болчу.

Казакстан латын тамгалары 1929-жылдан тартып 1940-жылга чейин пайдаланып, андан кийин кириллицага өткөн.

Өзбекстандагы латын жазуусу

Кирилл жазуусунан латын жазуусуна өтүү боюнча ушундай эле реформа Өзбекстанда да Советтер Союзу кулаган соң 1993-жылы болуп өткөн.

Сентябрда өлкө парламенти «Латын графикасына негизделген өзбек алфавитин киргизүү жөнүндө» мыйзам кабыл алып, анда реформанын графиги кошо жазылган. Мыйзам калкты латын жазуусуна окутууну жана 2000-жылга карата толук бойдон латын жазуусуна өтүүнү караштырган.

Ар кандай себептер менен кармалып отуруп латын жазуусуна өтүүнүн акыркы мөөнөтү адегенде 2005-жылга, кийин 2010-жылга калтырылган.

Латын жазуусу азырынча мектеп программасына гана киргизилди.

Өзбек мектептеринде латын жазуусун киргизүү эбегейсиз зор өлчөмдөгү илимий жана көркөм адабияттан оолактатып, анын айынан билим менен сабаттуулуктун деңгээли төмөндөп кеткен.

Жергиликтүү ЖМКлар латын жазуусунда материал басып чыгарууга аракет кылышкан, бирок бардык окурмандарын жоготуп алаарын бат эле түшүнүштү.

Мамлекеттик органдардын сайттары маалыматты кирилл жана латын жазуусу менен кайталашат. Иш жүргүзүү дээрлик толук бойдон кирилл жазуусунда калды.

КМШ өлкөлөрүндөгү латын жазуусу

Советтер Союзунда 1920-жылдардын аягында араб жазуусун пайдаланган өлкөлөр түрк тектүү тилдердин фонетикасы менен араб жазуусу анча жакшы коошпогондуктан «Яналиф» (татарча «жаңы алфавит») аттуу латын жазуусуна өтүшкөн.

Согуш башталаарда реформанын жүрүшүндө 1940-жылы алфавит кириллицага алмаштырылган.

Өз алдынчалык алгандан кийин Молдавия, Азербайжан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кайрадан латын жазуусуна өтүшкөн.

Грузия менен Армениянын мурда эле өз графикасы бар болчу, аны алар азыр да пайдаланып келатышат.

Орусиянын курамында Татарстан Республикасы гана латын жазуусуна өткөнүн жарыялап, 2012-жылдан бери анын жарандары ошону колдонуп келатышат.

Мыйзам боюнча кирилл жазуусу расмий алфавит боюнча турат, бирок жарандар мамлекеттик органдарга кайрылганда латын жана араб жазуусун колдонууга уруксат берилди.

Азыр кирилл жазуусуна негизделген алфавитти пайдаланууну Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан улантууда.


ТЕМА БОЮНЧА: