Түркиянын жарандары 16-апрелдеги референдумда президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү колдоп беришти. Эми Түркияда президент парламентти өзү таратып, бюджетти пландап, мыйзамдарды сунуш кыла алат. Түркияда оппозиция участоктордун 60 пайызында мыйзам бузулганын айтып, добуштардын кайра саналышын талап кылды.
Бардык бюллетендерди эсептөөнүн жыйынтыгы президент Режеп Тайып Эрдоган сунуш кылган реформаларды добуш бергендердин 51,7 пайызы колдоп, 48,5 пайызы каршы чыкканн көрсөттү.
Президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө негизинен Түркиянын деңиз жээгиндеги курорттук зоналардын жана ири шаарлардын — Стамбулдун, Анкаранын жана Измирдин тургундары каршы чыгышты. Каршы чыккандарга негизинен күрд калкы жашаган райондордун тургундары да кошулду.
Президенттин демилгесин жактап, мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү Түркиянын дээрлик бардык борбордук аймактарынын тургундары колдошту.
Түрк оппозициясы 60 шайлоо участогунда орой мыйзам бузуу болгонун айтып, добуштарды кайра саноону талап кылууда.
Бирок учурдагы президент Эрдоган менен Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым референдумда жеңишке жетишкенин жарыялашты.
«Бүгүн […] Түркия тарыхый чечим кабыл алды. […] Биз эл менен кошо тарыхтагы эң маанилүү реформаны ишке ашырдык», — деди президент Эрдоган Стамбулдагы расмий резиденция болуп эсептелген Хубер ордосундагы басма сөз жыйынында.
Түрк ЖМКлары Эрдоганды жеңиши менен дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн жетекчилери куттуктап жатышканын билдиришүүдө.
Кабыл алынган реформаларга ылайык, түрк парламентинин ыйгарым укуктарынын көбү эми президенттин колуна өтөт. Премьер-министрдин кызматы жоюлат, вице-премьер-министрлерди президент өзү дайындайт.
Түркиянын президенти эми:
- бюджеттин долбоорун сунуш кылууга;
- саясий партиянын мүчөсү болууга;
- мыйзам күчүндөгү жарлыктарды чыгарууга;
- министрликтер менен мамлекеттик мекемелердин түзүмүн өзгөртүүгө;
- парламентти таркатууга;
- өзгөчө кырдаал жарыялоого;
- Жогорку соттун жана Конституциялык палатанын судьяларын дайындоого;
- прокурорлорду дайындоого;
- парламенттин макулдугун албастан министрлерди дайындоого укуктуу.
Мындан тышкары, реформа азыркы түрк президентинин бийликте буга чейинки турган мөөнөтүн жокко чыгарат. Бул Эрдоган президенттин кызматында 2029-жылга чейин калат деген сөз, анткени ал мамлекет башчысы болуп 2014-жылы шайланган.
Реформалардын тарапкерлеринин айтымында, күчтүү президент туруктуулукту калыбына келтирип, Түркияны бекемдейт. Алардын пикиринде, өзгөртүүлөр Түркияга ички жана тышкы коркунучтурды жеңип чыгууга шарт түзөт.
Оппозиция болсо бул өзгөртүүлөр өлкөнү эмес, Эрдогандын бийлигин бекемдейт деп эсептешет.
Аскердик төңкөрүш аракети
Эрдоган 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин реформа жүргүзүү зарыл экенин айтып чыккан. Ал кезде аскерлер Босфордун үстүндөгү көпүрөнү, башкы штабды, борбордук телеканалдарды басып алып, бийлик алардын колуна өткөнүн жарыя кылышкан.
Бийликтеги президент Эрдоган менен козголоңчулардын кагылышуусунан 190 жаран жана 104 төңкөрүшчү курман болуп, бир жарым миңдей киши жаракат алган.
Акырындап төңкөрүшчүлөр багынып бере баштаган. Түрк бийли өкүлдөрү аскердик төңкөрүш аракети үчүн бир нече жылдан бери Америкада жашап келаткан Фетхулла Гүленди айыптап чыгышкан. Оппозициячы өзүнө коюлган дооматтарды четке кагып, Вашингтондон аны түрк бийлигине өткөрүп бербесин суранган.
Бүтр өлкө боюнча түрк оппозициячысы Гүлен менен байланышта деп шек саналган аскер адамдары жана окутуучулар жапырт камала баштаган.
ТЕМА БОЮНЧА:
- Түркиядагы аскердик төңкөрүш жасоо аракети: Эрдоган бийлигин сактап калды [+ хроника]
- Түркия: Эрдоган үч айга өзгөчө абал режимин киргизди