Орусия Кыргызстандын 240 миллион доллар мамлекеттик карызын кечти

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Кыргызстандын 240 миллион доллар өлчөмүндөгү карызын кечүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Кыргызстандын карызы Орусиянын расмий жардамынын алкагында кечилүүдө.

Эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү 2012-жылы Кыргызстандын Орусияга карызын жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюшкан.

Ал кезде Орусия бир чечим менен Кыргызстандын 188,9 миллион доллар өлчөмүндөгү карызын кечкен. Карыздын калган бөлүгү 10 жыл ичинде кечилиши керек болчу — 2016-жылдан тартып жыл сайын 30 миллион доллар кечилмек.

Каржы министрлигинин Мамлекеттик карыз башкармалыгынын башчысы Бакыт Сыдыков 2017-жылдын апрелинин аягында «Спутник» маалымат агенттиги менен болгон маекте эки өлкөнүн ортосундагы макулдашуу кайрадан каралып чыкканын билдирген.

Анын айтымында, жыл сайын 30 миллион доллар кечүүнүн ордуна тараптар бардык карыздын кечилиши тууралуу келишимге келишкен.

Сыдыков ошондой эле акыркы 240 миллион доллар кечилгенден кийин Кыргызстандын Орусияга болгон карызы түгөнөөрүн айтты.

«Акчабар» басылмасынын маалыматына караганда, акыркы 11 жылда Орусия Кыргызстандын 703,2 миллион доллар карызын кечти.


ТЕМА БОЮНЧА: