Баткендин ички иштер башкармалыгы КМК инспекторун капоту менен сүйрөтүп барып кетип калган айдоочуну таап чыкты.
Баткен облустук ИИБнин күзөтчү инспектору Канат Исанов Kloop.kgге милиция ал айдоочуну колго түшүргөнүн билдирди.
Ал Баткен облусунун Кызыл-Бел айылынын 27 жаштагы тургуну болуп чыкты.
Азыр милиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат, азырынча айдоочуну кандай жаза күтүп турганы белгисиз.
Мурда «Фэйсбукту» колдонуучу Жыргалбек Атамалиев баткендик айдоочу өзүнүн «Опель» автоунаасынын капотунда кайгуул милиция кызматкерин сүйрөтүп барып качып кеткени тууралуу видеону жарыкка чыгарган.
https://www.facebook.com/100003624984866/videos/1049120311885458/
Видеодо айдоочу аны дагы эки инспектор келип кошо токтотуп жатышканына карабастан токтобой койгону көрүнүп турат.
Милиция кызматкери капоттон түшкөндөн кийин деле айдоочу токтобой белгисиз жакка изин жашырып кеткен.
ТЕМА БОЮНЧА: