Жалал-Абад: 13 жаштагы бала мектеп окуучусун зордуктаган

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өспүрүм жети жашар мектеп окуучусун зордуктаган. Милиция зордукчуну жоопко тарта албайт, анткени ал 14 жашка чыга элек.

Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы өспүрүм окуучуну ээн калган үйгө алып барып зордуктап салганын айтты. Балдар бир мектепте окуйт.

Окуя 2017-жылдын 17-майында Сузак районунда болгон. Биринчи класстын окуучусу эти ооруй баштаганда гана муну ата-энесине 24-майда айткан.

Азыр бала ооруканада. Экспертизага караганда, окуучу бир нече жолу зордукталган.

«Бул факты боюнча экспертиза, анын ичинде биологиялык жана сот-медициналык экспертиза дайындалган. Тергөө-оперативдик амалдар жүргүзүлүүдө. Анын натыйжасында юридикалык баа берилет», — деп билдирди милиция.

Тергөө жүрүп жатат. Милиция зордукчуну жоопко тарта албайт, анткени ал 14кө чыга элек.

Бул Сузак районунда окуучулар зордукталган биринчи окуя эмес. 2016-жылдын ноябрында жергиликтүү мечиттин имамы тогуз жашар баланы зордуктаганы үчүн жети жылга кесилген.

Сузактагы медресинин имамынын кармалышына жабыркаган баланын энесинин кайрылуусу негиз болгон — ал айыл мечитинин 58 жаштагы имамы анын уулун зордуктап жүргөнүн билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: