Журналисттерди коргоо комитети бийликти Бабакуловго коркутууларды иликтөөгө чакырды

Журналисттерди коргоо комитети кыргыз бийлигин журналист Улугбек Бабакуловдун коопсуздугун сактап берүүгө чакырды. Улутчул сөздөр тууралуу макала чыгаргандан кийин Бабакуловду белгисиз кишилер коркута баштаган.

Журналисттерди коргоо комитетинин Борбордук Азия боюнча координатору Нина Огнианова милицияны журналист Бабакуловдун дарегине айтылган коркутууларды иликтөөгө чакырды.

«Кыргызстандын бийлиги журналист Бабакуловдун коопсуздугу жана куугунтукка кабылуудан коркпой оюн айтуу укугун колдоо үчүн жооптуу», — деди ал.

Огнианованын оюнча, кыргыз депутаттары Бабакуловду жарандыктан чыгаруу чакырыктарын токтотушу керек.

«Фергана» басылмасынын башкы редактору Данил Кислов кабарлагандай, Бабакуловго белгисиз адамдар тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат.

«Анын жана үй-бүлөсүнүн артынан түшүп алышкан. Эки күн мурда белгисиз кишилер ал үйүндө жок кезде барып, анын үйүн сүрөткө тартып кетишкен. Анын жубайы коркуп калган. Анын коопсуздугу үчүн коркуп жатабыз», — деп билдирди Кислов.

Жогорку Кеңештин депутаттары 1-июнда Бабакуловду чыгарган макаласы үчүн жарандыктан чыгарууну сунуш кылышкан. Анын макаласы «Фергана» маалымат агенттигинин сайтында «Адамдар айбан сыяктуу. Коомдук желелердин кыргыз сегментинде "сарттарды" жок кылууга чакырып жатышат» деген аталыш менен жарык көргөн.

Макалада автор Кыргызстандын түштүгүндө болгон кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы мушташ тууралуу сөз кылат.

Автор макаласында коомдук желелердеги ой-пикирлерди мисал келтирет. Анда ыктымал этникалык кыргыздар этникалык өзбектерди кемсинтет. Кемсинтүүгө ошол мушташ себеп болгон.

Кыргызстандын башкы телеканалы болгон КТРК Бабакуловдун макаласы тууралуу сюжет чыгаргандан кийин ал коомчулукта кызуу талкууга жем таштаган.

Тогуз мүнөттүк сюжетте журналист Улугбек Бабакулов «Ферганадагы» өз макаласы менен «улут аралык кастыкты козутуп жатат» деп баяндалган.

Бабакулов өз макаласында улуттар арасынды кастыкты козутуу максаты жок экенин, болгону интернет колдонуучулардын кыргыз сегментинде башка улуттарга кандай мамиледе болгонун көргөзүп жатканын белгилейт.


ТЕМА БОЮНЧА: