Нөшөр маалында жол кыймылын жөнгө салган милиционер сыйланат

Кайгуул милициясы нөшөргө карабастан Бишкектеги кесилиште жол кыймылын жөнгө салганы үчүн өз кызматкери Азим Асановду сыйлайт.

Кайгуул милициясынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев айткандай, инспектор Асановду сыйлоо тууралуу сунуш Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн.

«Сыйлоо тууралуу токтом чыга элек, бирок кайгуул милициясынын жетекчилиги аны 9-июнда сыйлайт», — деди Бугубаев.

Анын айтымында, улук лейтенант Асанов милицияда он жылдан бери эмгектенип келүүдө.

«Тартиптүү, кичи пейил, жоопкерчиликтүү кызматкер. Жаандын төккөнүнө карабастан Бишкектин Иса Ахунбаев жана Карл Маркс көчөлөрүнүн кесилишинде өзүнө тиешелүү жерде жол коопсуздугун камсыз кылып иштеди», — деди Бугубаев.

6-июндагы нөшөрдөн улам шаардын айрым бөлүктөрүндө электр жарыгы өчүп, жол чырактар иштебей калган. Жука кийимчен милиционер жол кыймылын жөнгө салып жатканы тартылган видео «Инстаграмга» чыккандан кийин коомдук желелердин колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жараткан.

Авторлошу: Айдай Эркебаева