Укук коргоочу Карасартова президенттикке ат салышат

Жарандык активист Рита Карасартова 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз жазып тапшырды.

«Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер Рита Карасартованын талапкерлигин өзүнүн «Фэйсбук» барагында ачык колдоп чыкты. Бирок бул «Клооптун» редакциясы 2017-жылдагы президенттик шайлоону чагылдырышына эч кандай таасир этпейт.

Карасартова — жарандык сектордун өкүлү катары чыккан талапкерлердин бири. Ал адам укуктары жаатында көп жылдык иш тажрыйбага ээ.

Ал бир жолу мамлекеттик кызматты аркалаган — 2004-жылдан 2005-жылга чейин ал жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана аймактык өнүктүрүү иштери боюнча министрдин кеңешчиси болуп эмгектенген.

Kloop.kgге курган маегинде Карасартова Кыргызстандагы саясий системаны өзгөрткүсү келээрин айтты. Анын оюнча, өлкө «демократиялык мамлекеттен авторитардыкка айланып баратат».

Бийликтин сынчысы

Карасартованын оюнча, президент өлкөдөгү «башкы жүз», ал эми бийликтин ар бир үч бутагы бири-биринен көз карандысыз болушу керек.

Укук коргоочу «эң арзан» үгүт иштерин жүргүзүүгө убада берүүдө.

«Биз 200 сомдон чогултуп, жөн гана жарандык тилектештиктин үлгүсүн көрсөтүп беребиз. Баары биздин өнүгүү перспективаларыбыз тууралуу сөздөрдү уга берип тажады, анткени чындыгында биз ар дайым эле артка чегинип атабыз, мыйзамдар иштебейт, институттар иштебейт, баары бир бийликтин алдына ийилип атышат. Керек болсо биз сыймыктанган сөз эркиндиги да миллион сомду чапчыган доо арыздар менен басмырланып жатат», — деди ал Kloop.kgге.

Карасартова — азыркы бийликти сынга алган белгилүү инсандардын бири. 2017-жылдын жаз айларында бийликчил Социал-демократтар партиясы (КСДП) ага каршы «ишкердик беделди коргоо» боюнча доо арыз менен сотко кайрылган.

Бул укук коргоочу 24.kg басылмасына КСДП «кызматтарды оңго-солго сатып жатат» деп интервью бергенден кийин болгон.