Бишкектиктер мектептерге кирүүдө акы төлөгөнүн арыздана алышат

Ата-энелер 1-класстын окуучуларынан алдын ала талап кылынган төлөмдөр үчүн мектептин администрациясынын үстүнөн арыздана алышат. Мэриянын алдындагы билим берүү бөлүмүндө 61-39-72 тынымсыз байланыш линиясы ачылды.

Тынымсыз байланыш линиясына чалуунун алдында кайсы мектеп, канча акы сурап жатканын айтып, өзүнүн байланыш даректерин калтырып коюу керек болот.

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева буга чейин окуучуларды биринчи класска алууда мектеп администрациялары ата-энелерден акча талап кылбашы керек экенин айткан. Мындан тышкары, мектепке алууда кандайдыр бир сынактар өткөрүлбөшү керек.

Кудайбердиева жеке өзү Бишкектин бардык мектеп директорлоруна акча талап кылынгандыгы үчүн кызматтарынан бошотулаарын айткан.

«Биз ал эмне талаптар экенин жакшы түшүнөбүз. Аларды ыктыярдуу төлөм деп коёт, ата-энелерге банк эсеби берилет, алар ал акчаны которушат. Биз ага тыюу салдык», — деди ал.  

Башка төлөмдөрдү ата-энелер мурдагыдай эле мектеп алдындагы коомдук бирикмелерге төгүшөт.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: