Президенттик шайлоого премьер-министр Жээнбеков жана спикер Турсунбеков катышат

Күзүндө өтө турган президенттик шайлоого КСДП партиясынан дароо бийик деңгээлдеги эки саясатчы катышат. Учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков партиянын атынан көрсөтүлүп жаткан болсо, парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен аттанат.

Бүгүн 15-июлда өткөн Кыргызстан социал-демократиялык (КСДП) партиясынын съездинде Жээнбековдун талапкерлигин чыгаруу боюнча чечим кабыл алынды.

Бул съездге чейин КСДП партиясынын ичинде пикир келишпестиктер болгон. Анда партиянын ичиндеги бирдиктүү колдоого алынган талапкердин жоктугу маселе жараткан.

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев Жээнбековдун тарабында болуп, июнь айынын соңунда анын талапкерлигин «өлкө үчүн жакшы тандоо» деп билдирген.  

Премьер-министрдин башкы атаандашы катары парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков болду. Ал съезддин жүрүшүндө сөз сүйлөп жаткан учурда залда отурган бир канча көрүүчүлөр кол чабуулар менен анын сөзүн бөлгөнгө аракет кылышкан.

Жыйынтыгында Турсунбеков өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттикке аттануу чечимин айткан.

Бирок бир канча саясий серепчилер партиянын ичинде кризис бар экениндигин көрүшүкөнү менен Турсунбеков КСДПнын ичинде кандайдыр бир чачыроо жок экенин айтууда.

«Биз, бул бир залда отургандар жалпы иш үчүн күрөшкө даярбыз. Бул деген эч кандай пикир келишпестиктер жок экендигине мыкты далил. Ошондой эле эки талапкер добуштун баарын талап кетет деп коркпош керек, добуштар эки эсе көп болот. Тарапкерлер Сооронбай Жээнбековдо дагы жана Чыныбай Турсунбековдо да бар», — деди ал сүйлөп жатып.

Жээнбеков сүйлөп жатып президенттик кызматында эмне кылаары жөнүндө айтып берди. Ал Кыргызстандын мамилесин Орусия, Кытай, Европа, Жапония жана башка коңшу өлкөлөр менен бекемдей турганындыгын билдирди.

«Мага өтө чоң жоопкерчилик жүктөлүп жатат, мен ал ишеничтин баарын актайм келечекте», — деди ал. Ошондой эле ал президент Алмазбек Атамбаев баштаган реформаларды улантаарын убада кылды.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Боршайкомго 26 талапкер арыз тапшырган.

Алардын арасында мурдагы премьер-министр Темир Сариев жана Өмүрбек Бабанов, мурдагы БУУнун аткаминери Таалатбек Масадыков, Борбор Азия эл аралык университетинин ректору Камилла Шаршекеева менен укук коргоочу Рита Карасартова бар.

Ошондой эле президенттик күрөшкө чыгууну «Өнүгүү-Прогрес» партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаев, мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу жана мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун көздөп жатышат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: