Президент мас айдоочуларга карата жазаны күчөтүүнү сунуш кылды

Президент Алмазбек Атамбаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында жол кырсыктарынын күнөөкөрлөрүнүн жана мас абалында машина айдагандардын жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады.

Аткаминерлер менен жолугушууда Атамбаев адам өмүрүн алган жол кырсыктарында айдоочулардын, өзгөчө мас абалында болгондордун жоопкерчиликтерин күчөтүү керектигин билдирди.

«“Алтын” жаштар адамды өлтүрүп алып, ата-энеси акча берип түрмөдөн алардын башын арачалай албайт деп билгидей болсун. Мас айдоочулар — жанкесер канкорлор», — деди Атамбаев.

Жыйында Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен президент жолдорго видео байкоочу техникалар үчүн каражатты «Мегаком» байланыш оператору сатылгандан кийин бөлүп берүү чечимин кабыл алышты.

Бийлик 2011-жылдан бери «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкектин жолдоруна камера орнотууну убада кылып келет.

Өкмөт эки тендер жарыялап, биринчиси тартип бузуулар менен өткөн. Ал эми экинчи жолу тендерди утуп алган «Стилсофт Бишкек» компаниясы менен бийлик бүгүнкү күнгө чейин соттошуп келет. Долбоор 60 миллион долларга бааланган.

Жол коопсуздугу боюнча маселе 2017-жылы өспүрүмдөрдүн жол кырсыгынан өлгөн учурлар катталгандан кийин президент жана премьер-министр тарабынан бир нече жолу көтөрүлгөн.

Бишкектеги «Кудайберген» базарынынын жанындагы жөө өтмөктө 10-май күнү 15 жаштагы баланы өлтүрө сүзүп кетишкен. Айдоочу окуя болгон жерден из жашырып, бирок эртеси күнү кечинде милиция тарабынан колго түшүрүлгөн.

Нарын облусунун Оттук айылынын 100гө жакын тургуну 12-май күнү жолду бууп «жаткан полицияларды» орнотууну талап кылышкан. Бул талап менен алар 9 жаштагы баланы өлтүрө сүзүп кеткенден кийин чыгышкан.

Бишкекте 21-апрель күнү дагы эки мектеп окуучусун сүзүп кетишкен, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Балдар оор жаракаты менен ооруканага жеткирилишкен. Кийинчерээк айдоочу кармалып эки айга убактылуу абакка камалган. Мектеп окуучулары учурда ооруканадан чыгышкан.

Бул окуялардан кийин Бишкек бийлиги мектеп жана бала бакчалардын жанында жаңы жол чырактар менен «рельефтик жөө өтмөктөрдү» орнотушкан.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: