Текебаевдин соттук иши. Сот бардык күбөлөрдү сурап бүтпөй эле иштин материалдарын карай баштады

Сот күбөлөр окшош көрсөтмөлөрдү бере башташканы үчүн иштин материалдарын жарыялай баштады. Ошон үчүн адвокаттар үч жолу соттон баш тартууну талап кылды, бирок ал адвокаттардын талабын четке какты.

Орусиялык ишкер Леонид Маевскийден бир миллион АКШ доллар алган деп шектелип жаткан Өмүрбек Текебаев боюнча кезектеги соттук жыйын 20-июлда болуп өттү.

Соттук жыйындын көпчүлүк бөлүгүндө жактоочу тарап, прокурорлор жана соттор күбөлөрдөн көрсөтмө алууну улантыш керекпи же иштин материалдарын карай баштоо керекпи деп талашып-тартышып жатышты.

Адвокаттар прокуратуранын соттун материалдарын жарыя кылуу керектиги боюнча суранычына нааразы болушту.

«Күбөлөрдун бардыгы окшош көрсөтмөлөрдү берип, жаңы жагдайлар ачылбай жаткандыгына байланыштуу мен калган күбөлөрдү сураганды токтотуп, иштин материалдарын карай баштоону сунуштайм», — деди прокурорлордун бири.

Жактоочу тарап жаңы жагдайлар айтылат деп күбөлөрдөн көрсөтмө алууну улантуу керек экенин айтып көшөрдү.

«Мына, мисалы, көрсөтмө бере элек күбөлөрдүн арасында "Супаранын" администратору бар, ал мага бир тууган же партиялаш эмес. Эмне үчүн ал суракка алынбайт?» — деди айыпталуучу Текебаев.

Бирок жактоочу тараптын келтирген жүйөлөрүнө карабастан сот иштин материалдарын жарыя кылууну чечти.

Адвокаттар биринчисинде сот күбөлөрдөн көрсөтмө алууну улантуу керектигине макулдук бербегени үчүн андан баш тартууну талап кылды.

Экинчи баш тартуу талабы, сот күбөлөрдөн көрсөтмө алууга жолтоо кылганы үчүн жана жактоочу тарап «ар бир танапис учурунда бир кабинетке кирип жаткан» сот менен прокурорлордун ортосунда жашыруун келишими бар экенине шектенгени себеп болду.

Мындан соң адвокаттар дагы бир жолу соттон баш тартууну талап кылышып, ага жактоочу тарап келтирген жүйөлөрдү сот эске албай башка негиздер менен баш тартканы себеп болду.

Жыйынтыгында сот үч жолу адвокаттардын талабын четке кагып, иштин материалдарын жарыялай баштады.

Текебаев жыйын учурунда сот жырыя кылган иштин жарымына комментарий бергиси келгенде, сот анын оюн айттырбай койду. Соттун айтымында, ал тараптардын оюн иштин материалдарын жарыялагандан кийин гана угат.

Текебаевдин жактоочусу Искен Афиджанов Kloop.kgге курган маегинде, оппозициячы боюнча соттук жыйынды «соттоп салуу» деп атады.

«Сот аябай шашылып жети кадамдык арыш менен айыптоо өкүмүн чыгарууга бара жатат. Биз бул нерсени накталай соттоп салуу, соттук зомбулук, соттук отурумду оппозицияга карата таза саясий куугунтуктун жана кысымга алуунун белгиси деп эсептейбиз», — деди ал.

Анын айтымында, Текебаевди президенттик жарыштан четтетүү үчүн сот бийлик тарабынан айыптоо өкүмүн чыгаруу боюнча көрсөтмө алган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: