Жоламан Шаршенбеков менен Роман Ким күрөш боюнча дүйнөлүк жаштар чемпионатынын күмүш медалдарын утушту

Күрөш боюнча дүйнөлүк жаштар чемпионатында кыргыз балбандары Роман Ким менен Жоламан Шаршенбеков финалда өздөрүнүн салмагында болгон таймашта жеңилип, бирок улуттук кураманын эсебин эки күмүш медал менен толукташты.

Турнирдин грек-рим күрөшү боюнча таймашында 55 кг салмактагылар арасында Жоламан Шаршенбеков венгриялык Кристиан Кезметти 8:0 эсебинде утуп жеңишке жеткен.

Таймаштын ⅛ финалында кыргызстандык Италиядан келген спортчуга мүмкүнчүлүк бербестен 8:0 эсебинде утуп, ал эми анын артынан орусиялык балбанды 13:1 упай менен жеңди.

Финалга чыгуу мүмкүнчүлүгү үчүн Шаршенбеков Армениянын өкүлү Тигран Миносян менен күрөшүп аны эч кыйналбастан 12:0 эсебинде жеңген.

Чемпионаттын алтын медалы үчүн Кыргызстандан барган балбан түркиялык спортчу менен таймашка чыкты. Таймашта жеңиш мөөнөтүнөн мурда Түркинянын өкүлүнө берилди, ал 12:3 эсебинде кыргызстандык каршылашына үстөмдүк кылган.

Ошондой эле 120 кг салмактагылар арасында чыккан Роман Ким дагы дүйнөлүк чемпионаттын күмүш медалына ээ болгон.

Турнирдин  ⅛ финалында кыргыз балбаны Казакстандан келген спортчу Алибек Шарсенгалиевди 7:1 эсебинде жеңген.  Чейрек финалда Ким финляндиялык каршылашын 6:0 упай менен жеңип алган.

Жарым финалдагы кармашууда кыргызстандык Польшанын өкүлү Патрик Ян Камински менен кездешип 10:2 эсебинде ишеничтүү жеңишке жеткен.

Ал эми чемпионаттын алтын медалы үчүн таймашында кыргызстандыкты Грузиянын өкүлү Звиади Патаридзе менен жолугушуу күтүп турган. Мындай жеңил эмес кармашууда Ким каршылашына 2:7 эсебинде утулуп, күмүш медалдын ээси болуп калган.

Азиянын күрөш боюнча жаштар чемпионаты 1-6-августка чейин (Финляндиянын) Тампер шаарында өттү. Биринчиликте Кыргызстандын атынан 15 спортчу катышып алар бир алтын, үч күмүш жана эки коло медалдарын утушкан.

Андан соң, эки аптадан кийин Парижде улуулар арасындагы күрөш боюнча чемпионат өтөт, ал жакта дагы кыргыз балбандары медалдар үчүн күч сынашат.

Сүрөт: United World Wrestling

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: