УКМК оппозициячыл активист Аскарбековго каршы кылмыш ишин козгоду

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) жарандык активист Мавлян Аскарбековго каршы кылмыш ишин козгоду. Активист кылмыш ишин өзүнүн коомдук ишмердигине байланыштырууда.

Аскарбеков Kloop.kgнин кабарчысына УКМК ыктымал мамлекеттик төңкөрүшкө чакыруу фактысы боюнча кылмыш козгогонун айткан. Анын айтымында, ал иштин материалдары менен таанышууга үлгүрө элек.

«Дача-Су кыштагынын жашоочулары менен жолукканда бийликке жана мамлекеттик түзүлүшкө мен каршы чыгууга үндөгөм имиш. Менимче кайсы бир 297-берене боюнча. Алар эксперттин корутундусун даярдап коюшканын айтышты», — деди активист.

Кыргызстандын Жазык кодексинин 297-беренеси коомчулуктун алдында конституциялык түзүмдү күч колдонуп өзгөртүү боюнча чакырыктары үчүн үч жылга эркинен ажыратууну шарттайт.

Ал эми активисттин айтымында, өзүнө каршы кылмыш иши учак кулап жабыр тарткан Дача-Су кыштагынын жашоочуларынын атынан бийликтегилерге кайрылуу чогултуп жатканым үчүн болушу мүмкүн.

«Алар Дача-Су кыштагы боюнча мага каршы материал чогултуп кылмыш ишин козгошкон. Биз Дача-Су кыштагынын тургундары менен жолугушууларды өткөзүп, аларга жардам берип, алар турак жай сатып алуулары үчүн бийликке кун төлөп берүү талабы менен кайрылганбыз», — деди Аскарбеков.

Ошондой эле, активист кылмыш ишин ачуунун экинчи себеби келерки президенттик шайлоого байланыштуу болушу мүмкүндүгүн билдирди.

«Президенттик шайлоонун алдында алар коомдук пикирге кандайдыр бир таасир эте алган бардык жигердүү жарандарды жоготууну каалап жатышат», — дейт ал.

Анын айтымында, ал мүчө болгон «Жаңы муун» коомдук уюму социалдык маселелр менен алектенет.

«Биз мамлекеттик төңкөрүштү, тосмолордон секирүүнү максат кылган жокпуз. Биз социалдык маселелрди чечиш үчүн эл жана коомчулук менен иштешебиз», — деп айтты Аскарбеков.

Ал ошондой эле, кылмыш иши азырынча ага каршы гана ачылганын айтты. «Учурда мен өзүм гана шектүү катары чакыруу алдым. Дүйшөмбүдө адвокат менен УКМКга барам», — дейт активист.

Түркиялык жүк ташуучу учак 16-январда «Манас» аэропртуна жакын Дача-Су кыштагына кулаган. Кырсыктан улам 39 адам набыт болгон, алардын көпчүлүгү айылдын тургундары болгон.

Жабыр тарткандар менен жана алардын үй-бүлөөлөрү жыл башынан бери бийлик тарабынан чогултулган кунду төлөп берүү аракетин көрүшүүдө.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: