Орусиялык ишкер Леонид Маевский кыргыз оппозиционери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча төлөнүп бериле турган 1 млн долларды кайрымдулуукка сарптай турганын билдирди.

Маевский «Коммерсант» басылмасына курган маегинде, Текебаевдин мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүүнүн натыйжасында 1 млн доллар ала турганын айткан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Маевский 2010-жылы «Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүнчүлүк алыш үчүн Текебаевге 1 млн доллар пара берген, бирок мурда Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары болуп турган саясатчы сүйлөшүлгөн иш боюнча өз убадасын аткарган эмес.

Маевскийдин айтымында, өндүрүп алынган каражатты Кыргызстанда кайрымдуулукка жумшайт.

Өмүрбек Текебаев менен анын тарапташы Дүйшөнкул Чотоновдун мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 8 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарылган. Натыйжада мунапыс колдонулгандыктан эки саясатчы 4,5 жыл абакка кесилген.

Маевский өзү чыгарылган өкүмгө комментарий берүүдөн баш тартты, анын айтымында, бул иш боюнча «шек жаратпаган далилдер» келтирилген.

«Мен өкүмгө комментарий берүүгө укугум жок. Сот адилеттүү деп чечсе, ал ошондой», — деди ишкер «Коммерсант» басылмасына.

Ал эми Текебаев өзүнө каршы ишти бийликтин дарегине айтылган сындар үчүн жана көпчүлүк учурда президент Алмазбек Атамбаевди сынга алып келгендиги үчүн «саясий мүнөздүү» деп эсептейт.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: