Мурдагы журналист Болот Темиров фэйсбукта жалган маалыматтардын жана фэйк аккаунттардын бетин ача баштаган. Эмне үчүн бул ишти баштаганын, фэйктер эмнеси менен кооптуу экенин жана интернетте аларды кантип айырмалаш керек экени туурасында ал Kloop.kgге маек куруп берди.

Kyrgyz Fake барагы жакында эле, бир жарым аптадай мурун пайда болгон. Аны мурдагы журналист жана социолог Болот Темиров коомдук желедеги жана басылмалардагы жалган маалыматтар менен күрөшүш үчүн ачканын Kloop.kgге айтып берди.

«Жөн эле алар менен күрөшүп, аларды ачыкка чыгарыш үчүн ачтым. Эгерде алдын алганга болсо, анда жакшы, бирок мен өтө эле оптимист эмесмин. Анткени мунун баарын токтотуп коюуга мүмкүн эмес. Болгону адамдарды бул көйгөйгө көңүлүн бурдургум келет», — деди ал.

Анын айтымында, колдонуучулар фэйктерге ишенбеш үчүн сын көз караш менен ой жүгүрткөндү үйрөнүп, маалыматты кайра-кайра текшерип жана жарык көргөн материалдын чын-төгүнүнөн күмөн санашы керек.

«Жаңылыкты окуп ага ишенүүдөн мурун ичиңде үчкө чейин санап, балким “Бул маалымат калптыр?” деп ойлонушуң керек», — дейт ал.

Темиров менен маекти сунуштайбыз:

Метин Жумагулов, Kloop.kg: Kyrgyz Fake барагын кантип, качан ачып калдыңыз?

Болот Темиров: Болжолдуу бир жарым апта мурда сайттардын биринде кыргыздар жөнүндө терс ой-пикир жазылган макаланы баары жабылып талкуулап калышкан. Ал Сусанна Егоряндын окуясынан кийин болгон эле. Кийин бул армяндар менен кыргыздардын ортосуна жик түшүрүш үчүн жасалган чагым экени, ал эми сайт болсо Арменияныкы эмес экени аныкталган.

Албетте, фэйсбукта аябай көп фэйк бар экенин билчүмүн. Бирок бул окуя мага фэйсбук мейкиндигинде кандайдыр бир нерсе кылыш керек экени боюнча белги берди. Анткени агрессивдүү, улутчул сөздөр жана чагымчыл материалдар аябай көп. Дегеле идея мага эч жактан келген жок. Ага чейин мен кээде айрым материалдар жалган экенин айтып, адамдарды провокацияга барбоого чакырчумун. Жыйынтык катары ошол улутчул сөздөрдүн шамалы басылып калчу.

М.Ж.: Демек сиз бир эле фэйк маалыматтарды аныктап, бетин ачасызбы?

Болот Темиров: Бир эле ошолорду эмес. Фэйк, классикалык мааниси боюнча — так эмес, көкүткөн маалымат. Мен үчүн фэйк — адамдардын башын айланткан бүт бардык нерсе. Чындыкты бурмалаган, кандайдыр бир максатты көздөгөндөрдүн баары мен үчүн фэйк. Бул макала болобу, бир адамдын профили болобу, айырмасы жок.

Kyrgyz Fakeтин форматында мен көп нерсени, жаңылык деле болбогон кандайдыр бир эмоционалдык, чагым салган сөздөрдү камтый албайм. Алар менен да күрөшкүм келет.

Бирок фэйктер бүгүнкү күндө эл арасында чагым салган, эң кеңири тараган курал болуп калды.

М.Ж.: Канчалык кеңири тараган?

Болот Темиров: Бир топ эле. Бул эми Кыргызстанда тенденция болуп калды. Мен өзүмдүн апталык баяндамамда жазганымдай, Кыргызстандын фэйсбук мейкиндиги ар түрдүү маалыматтык согуштарга аралашып калыптыр.

Дүйнөдө чыр-чатактар көп болгондуктан ошого жараша маалыматтык согуштар да көп. Алар Кыргызстан калкынын тынчын алып, алдашы мүмкүн.

М.Ж.: Эмне максатты көздөйсүз?

Болот Темиров: Жөн эле алар менен күрөшүп, аларды ачыкка чыгарыш үчүн ачтым. Эгерде алдын алганга болсо, анда жакшы, бирок мен өтө эле оптимист эмесмин. Анткени мунун баарын токтотуп коюуга мүмкүн эмес. Болгону адамдарды бул көйгөйгө көңүлүн бурдургум келет. Эгерде сен өзүң жалгыз тазалай албаган таштанды үймөгүн көргөн болсоң, жок дегенде аз аздан тазалай башта. Сен айланаңдагыларга үлгү болуп, анан баарыңар чогуу таштандыны тазалай аласыңар.

Менин фэйсбуктагы жазгандарым 200-300 кишиге жетиши мүмкүн. Бул маалымат талаасында деңиздеги тамчыдай эле. Бирок мен үчүн жараян маанилүү: эгерде бул көйгөйгө интернеттеги адамдар көңүл бура баштаса, бул мен үчүн жеңишке тете.

М.Ж.: Атайылап такталбаган маалыматтарды тараткан адамдарга карата кандай ойдосуз?

Болот Темиров: Бул жоопкерчиликсиздик дейт элем. Фэйк аккаунттардын артында өз иш аракеттери үчүн жоопкерчилик алгысы келбеген адамдар жашынып олтурушат. Жазаланбаган кандай гана кылмыш болбосун ал башка бир кылмышка түрткү болот. Фэйктер жана фэйк аккаунттар, тайпалар — булар дал ошол өз иш-аракеттери үчүн жаза албай калгысы келген адамдар.

М.Ж.: Мисалы, мен коомдук желенин кадыресе колдонуучусумун. Мен кантип ал жерде жалган менен чындыкты аныктап, айырмалай алам?

Болот Темиров: Биринчиден, сын көз караш менен ой жүгүрткөндү өнүктүрүш керек. Жаңылыкты окуп, ага ишенүүдөн мурун ичиңде үчкө чейин санап, кере дем алып, «балким бул маалымат жалгандыр?» деп ойлонуш керек.

Тосмо коюп, маалыматты кабыл ала бербей текшериш керек. Бардык эле маалымат чын эмес экенин түшүнүшүбүз керек.

Кээде материал жарык көргөн күнгө көңүл буруш керек. Ушул аптада айрым басылмалар былтыркы материалдарын чыгара баштаганын байкадык. Ар кандай учурлар болот, бирок ар дайым өзүңө-өзүң «маалыматты ырастаган булактары барбы, макала жаңы эле чыктыбы, бул басылмага ишенгенге болобу?» деген суроолорду беришиң керек.

М.Ж.: Фэйсбуктагы барагыңызды өзүңүз башкарасызбы, же командаңыз барбы?

Болот Темиров: Өзүм жалгыз. Бош убактымда өз дубалымда кандайдыр бир күмөн жараткан аккаунтту же материалды көрүп калсам, чырак жанып кетет. Баракты эч ким каржылабайт. Эгерде ал кеңейип, кызыккандар табылып калса, мен кубанычта болом.

М.Ж.: Азыр сиз фэйсбук мейкиндигинде эле иштеп атасыз, башка коомдук желелерге өтөйүн деген оюңуз барбы?

Болот Темиров: Ага убактым жок. Жеке өзүм жетише албайм, бирок кимдир бирөө «Одноклассникиде» да ушуга окшогон нерсени баштайм десе, аябай колдомокмун. Башка коомдук түйүндөргө да кызыгуу пайда болду, бирок өзүм жалгыз маалыматтын ошончо көлөмүнө алым жетпейт. Ал түгүл фэйсбукта деле дубалымда эмне көрүнсө ошолорду эле байкаганга мүмкүнчүлүк болот.

[...]

М.Ж.: Ошолорду тазалаганга башка адамдар да сизге жардам берип жатышабы?

Болот Темиров: Kyrgyz Fake аттуу барагым бар экенин азырынча көпчүлүгү билбейт. Бирок алар чагымчыл жана жалган маалыматтарга кыжыры келет, мен болсо алардын кыжырданганын каттап коём.

М.Ж.: Атайылап жалган маалыматтарды жайылткан белгилүү бир адамдарды же болбосо тайпаларды аныктай алдыңызбы?

Болот Темиров: Азырынча далилим жок болгондуктан кимдир бирөөнү күнөөлөй албайм. Фэйк аккаунттар аябай көп, бирок мен анын артындагы кишинин тек-жайын аныктай албайм. Болгону ошол аккаунттун фэйк экенин каттап коём. Бирок фэйкти аныктай турган критерийлер деле так эмес. Мен үчүн 100% фэйк болуш үчүн ал киши башка бирөөнүн сүрөтүн пайдаланган болушу керек, же болбосо такыр эле сүрөтү жок болушу керек. Бирок бул дайыма эле иштей бербейт, кээде аныкташ өтө оор. Кимдир бирөө өзү тууралуу маалыматты жашырышы деле мүмкүн да. Анын дубалына, жазгандарына жана сүрөттөрүнө карап көрүш керек.

Бирок мен анын чын эле фэйк профил экени, такталбаган маалыматтарды жайылтып кастыкты козутуп атканын билип калсам, андайлар менен күрөшүш керек деп эсептейм.

Өзүм эле маалыматтык согуштар кагылышкан жана чыр-чатак жараткан темаларга, Украинага, Тоолуу Карабакка, ИГИЛге жана дин темаларына байланышкан талкууларда көбүнесе фэйктер  болоорун байкап алдым.

М.Ж.: Фэйктер менен кантип күрөшөсүз?

Болот Темиров: Азыр менде бир эле күрөшүү жолу бар — баракты арыздануу. Өткөн аптада эле мен он арыз калтырдым, бирок азырынча бирин эле кабыл алышты. «Фэйсбук» бул үчүн кандай механизмдерди колдоноорун билбейм. Оюмча, фэйк аккаунттарды аныктоонун жана аларды бөгөттөөнүн жолдорун үйрөнүүгө кезек келди окшойт.

[...]

М.Ж.: Укук коргоо органдарына жардам берейин деп жаткан жоксузбу?

Болот Темиров: Жок, жардам бербейм. Эгерде аларга кызыктуу болсо менин барагыма баш бага алышат. Мен алардын көңүлүн өзүнчө бир мыйзам бузууларга бурдура алам, бирок бардыгын жалпылап салып берейин деген ой жок. Алардын милдеттерин алар үчүн аткарбайм.

М.Ж.:Бул канча убакытты талап кылат?

Болот Темиров: Бош убактымда бир аз дубалды карап турам. Жарыяларды белгилеп, баракта билдирүүлөрдү жарыялап турам — көп болсо бир мүнөт кетет. Жыйынтык маалымат үчүн бир саат убакыт коротуу керек. Дем алыш күндөрү фэйсбукта жаңылыктар түрмөгүн текшерип, фэйктердин бетин ачуудагы жаңы ыкмаларды карап ойлонуш үчүн жарым күн убакыт кетирип коюшум мүмкүн.

М.Ж.: Бул менен дагы канча алектенесиз?

Болот Темиров: Билбейм, азырынча максатка жете элекмин. Эгерде мен бир нерсени баштасам аягына чейин барам, бирок канча убакытты алаарын мен билбейм.

М.Ж.: Жалпыга маалымдоо каражаттарына байкоо жүргүзөсүзбү?

Болот Темиров: Мен дайыма жаңылыктарды окуп турам. Жалган басылмалар бар, аларды окубайм. Бирок социолог катары мен олуттуу маалымат агенттиктери жүргүзүп жаткан сурамжылоолорго көңүл бурдум. Сурамжылоолордун чечмелениши таң калтырат. Ал сурамжылоолорду бурмалоонун көп ыкмалары бар, алар жада калса эч пайдасыз.

Дагы бир жайгдай — бул бир мааламаттын негизинде жалган билдирүү болуп жатканы дагы мен үчүн көңүл бурууга белги. Бул туурасында мен буга чейин айткам. Мисалы ЖМКлар «Кайсы саясатчыны тааныйсыз?» деген сурамжылоо жүргүзүп, 80 пайызы X саясатчыны тааныйбыз деп жооп берди. Андан кийин сайтта «X саясатчы үчүн шайлоочулардын 80 пайызы добуш берет» деген аталышта макала жарыкка чыгат. Бул деген маалыматтын башка далилдерге таянып чыгарылган жалган чечмелениши — бул фейк.

ТЕМА БОЮНЧА: