Ош: Милиция аялдын башын кесип өлтүрүүгө шектелген эки жаранды кармады

Милиция Ошто аялдын башын кесип өлтүрүүгө шектелген эки эже-сиңдини кармады. Алардын бири киши колдуу болгон аялдын келини болуп чыкты.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков Kloop.kgнин журналистине кармалгандар турмуштук чыр-чатактын айынан аялды өлтүрүшүп, башын кесип сөөктү таштанды челегине салып кетишкенин билдирди.

Учурда эже-сиңдилер убактылуу кармоочу тергөө изоляторунда камакта.

Буга чейин 28-августта короо шыпырып жүргөн жумушчулар таштанды салган урнадан башы жок аялдын сөөгүн табышкан.

Соттук-медициналык экспертизанын маалыматына ылайык, денедеги издер аялдын бутун кесүү аракети болгонун билдирет.

Милиция адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Укук коргоо органдары киши колдуу болгон аялдын башын издөөнү улантууда.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: