БШК Келдибековду президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы Ахматбек Келдибековду келерки шайлоодо президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартты. Каттоодон баш тартууга анын жоюла элек соттолушу себеп болгон.

БШКнын мүчөсү Алмазбек Асаналиев 4-сентябрдагы жыйында жумушчу топ Келдибековдун соттолгону боюнча Жогорку сот менен соттук департаментке сурам жибергенин айтты.

«Жогорку соттон алынган жооп боюнча кайсыл соттолгон адамдын өкүмү жеңилине өзгөртүлгөн болсо, анын соттолгондугу жаза күчүнө киргенден кийин 1 жылдан соң жоюлат, тагыраак айтканда Келдибековдун соттолгондугу штраф төлөнгөн күндөн тартып бир жылдан кийин жокко чыгарылат», — деди ал.

Штрафты Келдибеков ушул жылы төлөгөн, ошондуктан анын соттолгондугу бир жылдан кийин жоюлат. Мыйзам боюнча, соттолгондугу жоюла элек адам президенттикке талапкер боло албайт.

Ал эми Келдибеков өзү жыйында Боршайкомдун жумушчу тобунун чечимине нааразы экенин билдирди.

Буга чейин Боршайком Келдибековдон кол белги барактары менен 85,9 балл алган мамлекеттик тил боюнча тесттен өткөндүгү тууралуу жыйынтыгын кабыл алган.

Келдибековго каршы иш

Атайын кызмат Келдибековду 2013-жылдын ноябрында кармап, УКМКнын тергөө изоляторуна камаган.

Келдибековго ар кандай кызматтарда аткаминер болуп иштеп жүргөн жылдардагы коррупция иштери боюнча күнөө тагылган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2002-2005-жылдар аралыгында Социалдык фонддун төрагасы болуп турганда жана 2008-2009-жылдарда Салык кызматында иштеп жаткан кезинде пара алган.

Ошондой эле, тергөө Келдибеков 2010-2011-жылдарда парламенттин спикери кызматында туруп кызматтык абалынан кыянаттык кылган деп эсептеген.
Жогорку сот Келдибеков кармалгандан кийин эки жылдан соң ага каршы өкүм чыгарган. Анда Келдибеков «кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.

Соттун чечими боюнча Келдибеков штраф түрүндө 10 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.


ТЕМА БОЮНЧА: