БУУ Мьянмадагы качкындарга 7 млн доллар гуманитардык жардам бөлдү

The United Nations Security Council meets on the crisis in Ukraine, at U.N. Headquarters in New York, March 13, 2014. REUTERS/Mike Segar (UNITED STATES - Tags: POLITICS CIVIL UNREST)

Бириккен Улуттар Уюму Мьянмада өкмөттүк аскерлер менен мусулман рохинжалардын ортосунда болгон кагылыштан кийин коңшү Бангладешке качкандар үчүн гуманитардык жардам бөлдү. Уюмдан гуманитардык жардам бардык муктаждарга бирдей бөлүштүрүлүүсүн талап кылышты.

БУУ гуманитардык жардамды 7-сентябрда бөлгөн. Каражаттар Бангладештеги миңдеген качкындардын жашоо шартын оңдоого жумшалат.

«Бул каражаттар биздин медициналык жардамыбызга муктаждарга, негизинен аялдар менен кыздарга каралган. Мындан тышкары баш калкалоо жайын, азык-түлүк менен камсыздоого жумшалат», — деп билдирди гуманитардык жардам маселелери боюнча БУУнун башкы катчысынын орун басары Марк Лоукок.

БУУнун маалыматына ылайык, соңку эки жумада Мьянма менен Бангладештин чек арасынан 60 миңден ашык адам өткөн, алардын көпчүлүгү башпаанек табыш үчүн бир нече күн жол жүрүшкөн.

Лоукок качкындарды кабылдап жаткан Бангладеш суу ташкындарынын айынан катаал учурду баштан кечирип жатышканын билдирди. БУУнун экспертинин айтымында, гуманитардык жардам агенттиктеринин бардык муктаждар үчүн каражаттары жетишпей жатат.

Мьянмадагы массалык кагылыш

Август айында Мьянма аскерлери менен рохинжа муслумандарынын ортосундагы тирешүүдө 400гө жакын адам өлгөн. Миңдеген рохинжа эли үйлөрүн таштап, коңшу Бангладештен башпаанек табууга кетишкен.

Жаңжалдын чыгышына «Рохинжаны куткаруу армиясынын» мусулмандар тобу өлкөнүн батыштагы Ракхайн штатындагы полиция постторуна чабуул кылганы себеп болгон. Натыйжада 12 адам каза тапкан.

«Рохинжаны куткаруу армия» тобунун мүчөлөрүнүн айтымында, алардын башкы максаты — Мьянмада бийликтин кодулоосуна кабылган мусулмандарды сактоо. Ал эми бийлик «Куткаруу армиясын» террористтик уюм деп эсептөөдө.

Уруштун тарыхы

Мусулман рохинжалар менен Аракан буддисттеринин ортосундагы уруш 70 жылдан бери уланууда.

Абал 2012-жылы массалык башаламдыктар чыгып кеткенден кийин курчуп кеткен, андан кийин 2016-жылы бийлик рохинжа мусулмандар жашаган Ракхайн штатына аскерлерди киргизген. Ошондон бери рохинжаларды куугунтуктоо токтобой келет.

БУУнун өкүлдөрү бул иш-аракеттерди «адамзатка каршы кылмыштуулук» деп атап, армия менен полиция рохинжаларды токмоктоп, кыйнап жана өлтүргөнүн билдирүүдө.

Мьянма өкмөтү бир нече жолу адам укуктары бузулуп жатканы боюнча билдирүүлөр менен маалыматтарды «жасалма маалыматтар» жана «пропагандалоо» деп атап, рохинжалар куугунтукталып жана кодуланып жатканын четке каккан.

ТЕМА БОЮНЧА: