Сирия: Жанкечтилер Дамасктын полиция участогун жардырып, ондон кем эмес адам набыт болду

Syrian police officers stand in front of a police station that suicide bombers attacked in Damascus, Syria October 2, 2017. REUTERS/Firas Makdesi

Эки террорист-жанкечти Сириянын түштүк-батышындагы Дамасктын полиция участогунун жанында өздөрүн жардырышты. Жардыруудан ондой адам каза таап, дагы 20 адам жабыркады.

Жардыруу 2-октябрда Аль-Мидан районунда болду. Эки террорист полициянын имаратынын алдында өздөрүн жардырышты.

Алардын бирөөсү полиция участогунун кире беришинде жардырса, экинчиси имараттын ичинде өзүн жардырган.

Сирия ИИМнин башчысы Мохаммад аль Шаардын айтымында, полиция менен жөнөкөй жарандар каза болушкан. Бирок каза болгондордун так саны айтылган эмес.

«Рейтер» маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, ондон кем эмес адам каза болуп, жыйырмадай адам ар кандай даражадагы жаракаттарды алышкан.

Азырынча терористтик уюмдардын бирөөсү дагы терракт үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Буга чейин Дамаскта ушундай сыяктуу эле терракт 2016-жылы Аль-Мидана полиция участогунда болгон, анда бомба жарылган.