Тажикстан: Президенттин улуу агасы Нуриддин Рахмон каза болду

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун улуу агасы 67 жаш курагында инфаркт миокардадан улам каза болду. Нуриддин Рахмонду 8-октябрь күнү Дангара айылындагы ата-энелеринин көрүстөнүнүн жанында жерге беришти.

Нуриддин Рахмон 7-октябрда инфаркт миокардадан улам каза болгон. Ага чейин ал Душанбенин ооруканасында дарыланып жаткан болчу.

Нуриддин Рахмондун сөөгүн өзү жарык дүйнөгө келген Хатлон облусунун Дангара айылына Душанбеден тик учак менен жеткиришкен.

Тажикстандын президенти үй-булөөсү менен кошо улуу агасы менен коштошууу үчүн кичи мекенине барган.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон агасы Нуриддин менен.

«Маркум өзүнүн адамдык ак көңүлдүк сапаты менен тааныштарынын, жакындарынын жүрөктөрүндө элес болуп кала берет», — деп айтылган өлкө башчысынын сайтында.

Жашоосунун акыркы жылдары Нуриддин Рахмон пенсияда болуп мамлекеттик кызматтарды ээлеген эмес.

Нуриддин Рахмон 1950-жылы жарык дүйнөгө келип, көп жылдар аралыгында механизатор болуп иштеп, андан кийин «Рахмонджон» дыйкан чарбасын жетектеген.

«Озоди» үналгысы өзүнүн маалымат булактарына таянып, Нуриддин Рахмон өкмөттүк түзүмдөрдүн кадр амаштыруу маселелерине таасири абдан чоң болгон деп жазат.


ТЕМА БОЮНЧА: