Тажикстан: Мугалим кемсинтүү үчүн окуучуга мектеп партасын ыргыткан

Дүйшөмбү шаарынын мектептеринин биринде мугалим менен 11 класстын окуучусунун ортосундагы мушташ видеого тартылган, ал учурда мугалим окуучуну көздөй мектеп партасын ыргыткан. Видео интернетке жарыялангандан кийин окуяга Билим берүү министрлиги көңүл буруп, учурда аталган мекеме уруш жокко чыгарылды деп билдирүүдө.

Мугалим окуучуну көздөй мектеп партасын ыргыткан видео интернетте октябрдын ортосунда пайда болгон. Тажикстандын Билим берүү министрлиги мушташ шаардык мектептердин биринде болгонун тастыктады.

Аталган мекеме учурда тараптар элдешкенине байланыштуу уруш жокко чыгарылганын билдирүүдө.

Мушташып кеткен окуучунун ата-энеси жарыяланган видео үчүн мектепке чакырылган.

«Мындай нерселер чет элдик өлкөлөрдө деле болот, бирок тажиктер үчүн байыртадан эле мугалимге сый көрсөтүү принциби жарашыктуу болгон. Мындай иш-аракет өзүнчө бир окуучунун таалим-тарбиясы менен билим деңгээли төмөн экени жөнүндө айтып турат», — деп билдиришүүдө Билим берүү министрлигинен.

Окуучу мугалимден кечирим суроого туура келип, ал эми беркиси окуучунун ата-энесинин алдында кечирим сураган.

Ошондой эле, мугалимге сөгүш берилген.

Мушташтын өзү 2017-жылы май айында эле болгон. Окуучу мугалимди ыктымал ийинге чаап, кемсинткен. Ошол себептүү мугалим окуучуга мектеп партасын ыргытып, андан соң экөө мушташып кетишкен.

Бул нерсенин бардыгын ошондон кийин Орусияга кеткен башка окуучу видеого тартып алып, мушташтан жарым жыл өткөндөн кийин ошол жерден видеону интернетке жарыялаган.

Сүрөт: видеодон скриншот


ТЕМА БОЮНЧА: